• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан бир киши каза болду. Кыргызстандыктар 9 күн катары менен эс алат

1 Чын куран 202214:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 1-апрелге карата коронавирус 11 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 4, Чүй облусунда – 7 адамдан илдет табылган.

Акыркы суткада 13 адам илдеттен сакайып чыгып, бир киши каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 86 бейтап, амбулатордук түрдө 59 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 946 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 196 миң 226 киши айыгып чыкса, 2 миң 989 адам каза болду.

УКМКНЫН ЖАЛГАН КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ

2022-жылдын 30-мартында КР УКМК тарабынан өзүн КР УКМКнын кызматкери жана төрагасынын жардамчысы катары тааныштырып элдин ишенимине кирип алып мыйзамсыз иш-аракеттерди жүргүзүп келген, Эрматов Осмонали Абдулхашимович аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, 2022-жылдын январь айында аталган адам Суранов Равшан аттуу Тажикистан Республикасынын жараны аркылуу Сарыбаев Жангазы Алибаевичтин ишенимине кирип, прокуратура органдары тарабынан жазык куугунтугун токтотуу жөнүндө маселени чечүү үчүн 7500 АКШ доллар өлчөмүндө акча каражатын алган.

Бул факты боюнча О.А. Эрматовго карата 2022-жылдын 30-мартында КР УКМКнын тергөө башкармалыгы алдамчылык фактысы боюнча кылмыш ишин козгоп, аталган адамдар кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КЫРГЫЗСТАНДЫКТАР 9 КҮН ЭС АЛЫШЫ МҮМКҮН

Май айында кыргызстандыктарды узак дем алыш күндөрү күтөт. Министрлер кабинетинин токтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Анда кыргызстандыктар 2022-жылдын 1-майынан 9-майына чейин эс алуу сунушталган.

«Долбоордо жуманын беш күндүк иш графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2022-жылдын 30-апрелиндеги дем алыш күнү – 2022-жылдын 4-майындагы иш күнүнө, 2022-жылдын 14-майындагы дем алыш күнү – 2022-жылдын 6-майындагы иш күнүнө которулсун»,- деп жазылган билдирүүдө.

Количество просмотров: 151