• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы 6 адам көз жумду. “Зомбулуккка каршы 16 күн” акциясы башталды

26 Жетинин айы 2020 14:11 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

26-ноябрдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда кечээтен бери коронавирустан алты киши каза болду. Көз жумган бейтаптардын бешөө Бишкек шаарынын, бирөө Ош облусунун тургуну болчу.

Жалпысынан көз жумгандардын саны 1251 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 427 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (179) жана Чүй (94) облусунда.

Оору жуккандардын жалпы саны 71 171 кишиге жетти.

Бир күндө 495 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2861 адам жатат, дагы 3832 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3858 адамга жетти, алардын 3568и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору 16 дарыгерден табылды.

ЖАҢЫ ЖЫЛДЫ МАЙРАМДООГО ТЫЮУ САЛЫНАТ

Кыргызстандын бардык аймактарында жаңы жылдык кечелерди өткөрүүгө тыюу салынат. Буга коронавирус илдетинин жайылышынын алдын алуу максаты себеп болууда. Бул тууралуу вице-премьер-министр Элвира Сурабалдиева бүгүн, 26-ноябрда брифингде билдирди. Сурабалдиева мамлекеттик жана башка ишканалардын жамааттарында да чогулуп, жаңы жылдык кечелерди өткөрбөөгө чакырды. Анын айтымында, өкмөттүн бул талабы мамлекеттик ишканаларга, аймактардагы жергиликтүү башкаруу органдарына да катуу эскертилди.

Вице-премьер-министр азырынча мурда киргизилген чектөөлөрдү алып салуу эртелик кыларын белгилеп, кинотеатрлардын иши аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша жанданарын билдирди. Анын айтымында тойкана, ашкана жана башка 50дөн көп эл чогулуучу коомдук тамактануучу жайлардын ишин жандантуу үчүн өзүнчө алгоритм иштелип чыгууда.

ЗОМБУЛУККА КАРШЫ 16 КҮН

Дүйнөдө, анын ичинде Кыргызстанда аялдарга каршы зомбулукту токтотуу максатындагы «Зомбулукка каршы 16 күн» акциясы башталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда маалымат жыйын учурунда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Ализа Солтобекова билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылдын акыркы он айында зомбулук фактысы 13 пайызга өскөн.

Белгилей кетсек, жыл сайын 16 күндүк акция өткөрүү чечимин 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган. Ал 25-ноябрь – Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь – Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.

Количество просмотров: 67