• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан дагы 6 адам каза болду. Оозу скотчтолуп, бакта байланган адамдын өздүгү такталды

23 Жетинин айы 202014:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 23-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен алты адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын экөө Бишкек шаарынын, экөө Чүй облусунун жана калган экөө Талас жана Ош облустарынын тургундары болчу.

Жалпысынан көз жумгандар 1237 адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 304 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында  жана Жалал-Абад , Чүй облустарында. Ошентип, оору жуккандардын жалпы саны 69 885 кишиге жетти. Бир күндө 349 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3096 адам жатат, дагы 3648 бейтап үйдөн дарыланууда.

Коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин жалпы саны 3815 адамга жетти, алардын 3545и айыгып чыкты. Соңку күндө бул оору эки дарыгерден табылды.

6 ЖАШТАГЫ БАЛА САБАЛДЫ

Сокулук районунда алты жаштагы баланын сабалышы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу  бүгүн, 23-ноябрда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, 18-ноябрда Бишкек шаарынын Октябр РИИБне Чүй облусунун Сокулук районунун 25 жаштагы тургуну кайрылган. Ал өзүнүн күйөөсү 33 жаштагы жаранга карата чара көрүүнү суранган. Анын айтымында, 17-18-ноябрга караган түнү, 6 жашар баласын эч кандай себепсиз эле сабап салган.

Бул факт Октябрь райондук ички иштер бөлүмүндө КР Кылмыш-жаза кодексинин 75-беренеси боюнча катталды. Ошондой эле, иштин материалдары Сокулук районунун Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Алынган жаракаттын оордугун аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Учурда Сокулук РИИБдин кызматкерлери  жаранды кармоо боюнча тергөө иштерин жүргүзүп жатышат.

Мындан тышкары, тергөөнүн жүрүшү Ички иштер министрлигинин жана Чүй облусунун ИИББнин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынгандыгы маалымдалды.

БАККА ТАҢЫЛГАН ЖАРАНДЫН ӨЗДҮГҮ ТАКТАЛДЫ

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Аламүдүн районундагы Жылуу-Булак (Теплые ключи) аймагында сөөгү табылган жаран Нарын облусунун 19 жаштагы тургуну экени аныкталды. Учурда анын өлүмүнүн себептери иликтенүүдө.

22-ноябрда Аламүдүн районундагы Жылуу-Булак аймагынын тургундары белгисиз адамдын асылып турган сөөгүн көрүп, милицияга кабар беришкен. Маркумдун оозу, буттары жана колдору скотч жана жип менен байланган.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы бул факты бирдиктүү реестрге катталып, Кылмыш кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 136