• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Соңку жаңылыктар: Коронавирустан каза болгондордун саны 1301ге жетти. Эсептөө палатасынын өкүлү коррупцияга шектелип кармалды

8 Бештин айы 202014:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 8-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен төрт адам каза болду. Алардын үчөө Бишкек шаарында, дагы бири Ош облусунда. Жалпысынан март айынан бери көз жумгандардын саны 1 301 кишиге жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 295 адамдан табылды. Оору жуккандардын жалпы саны 75 690 адамга жетти.   Бир күндө 473 бейтап сакайып чыгып, оорудан айыккандардын саны 67 873 киши болду. Ушул күндөрү ооруканада 2 426 адам жатат. Алардын ичинен 35 бейтаптын абалы канаттандырарлык, 1687 кишиники орто оор, 598 адамдын абалы оор деп бааланууда. Штаб 106 бейтаптын абалы өтө оор экенин кабарлады. Дагы 3 256 киши үйдөн дарыланууда.

ЭСЕПТӨӨ ПАЛАТАСЫНЫН ӨКҮЛҮ КАРМАЛДЫ

Эсептөө палатасынын Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы өкүлү коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Билдирүүдө айтылгандай, ал мамлекеттик бюджеттен уурдалган 13 млн сомго байланыштуу козголгон кылммыш иштин алкагында кармалган.

7-декабрда Ош шаардык сотунун чечим менен ал 1 айга тергөө абагына камакка алынган.

Буга чейин ушул ишке катыштыгы бар делип жеке ишкананын жетекчиси кармалган. Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу жана бул ишке катышы бар  башка да адамдарды кармоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканы айтылат.

ЖАСАЛМА НОМУР МЕНЕН ЖҮРГӨН АЙДООЧУ КАРМАЛДЫ

Бишкекте жасалма номур менен унаа башкарып жүргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-декабрда Бишкек ШИИББгы боюнча милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 14:40 чамасында Токомбаев көчөсүнөн “Тойота-Камри” үлгүсүндөгү авто унааны жол эрежесин бузгандыгы үчүн токтотушкан.

Кызматкерлер авто унаанын керектүү документтерин текшерүү учурунда 1994-жылы туулган М.Ч. аттуу айдоочусу унаасынын мамлекеттик номурун алмаштырып, жасалма номур менен айдап жүргөндүгү аныкталган. Бул факты боюнча унаа айып короого токтотулуп, ал эми айдоочуну октябрь райондук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Количество просмотров: 39