• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кримтөбөл «Женгонун» жан сакчысы кармалды. КРдин Орусиядагы элчилигинде мушташ эмнеден чыкканы айтылды

26 Теке 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстанда 26-июлга карата коронавирустан 12 адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан каза болгондордун расмий саны 2261 адамга жетти. Соңку суткада вирус дагы 973 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунда. Өлкөдө жалпы 158 120 адам илдет жуктурду. Бир күндө 1568 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 4187 адам жатат, дагы 13 691 бейтап үйдөн дарыланууда.

КЫРГЫЗСТАНДЫН ОРУСИЯДАГЫ ЭЛЧИЛИГИНДЕ МУШТАШ ЭМНЕДЕН ЧЫККАН?

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин имаратында мушташ чыкты. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат кызматы дипломатиялык өкүлчүлүктүн имаратындагы мушташ тууралуу комментарий берди. Элчиликтен билдиришкендей, 24-июль күнү кыргызстандык аялга консулдук жардам көрсөтүлүп жатканда, аны менен чогуу келген эркек киши кызматкерлерге карата орой сөздөрдү айтып, абийирине шек келтирип, алардын сыртка чыгып туруңуз деген өтүнүчүн аткарган эмес. Ошондон улам тараптар мушташа кетип, ал эркек консулдук бөлүмдөн күч колдонулуп сыртка чыгарылган. Мындан соң ал КРдин ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү жана полицияга өткөрүп берилген. Сөз болуп жаткан киши Россиянын жараны экени белгилүү болду. Ошол эле учурда маалыматтар базасы аркылуу анда Кыргызстандын паспорту дагы бар экени аныкталган. Учурда кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатат.

«ЖЕНГОНУН» ЖАН САКЧЫСЫ КАРМАЛДЫ

Ош шаарында кримтөбөл «Женгонун» 26 жаштагы М.А. аттуу айдоочусу-жансакчысы бейбаштык иши боюнча кармалды. Бул туурадуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.ИИМден белгилешкендей, кармалган жаран мурда соттолгон, уюшкан кыдмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турат. Ал 10-июлда топ адам менен Ош шаарындагы кафелердин биринин жанында Куршаб айылынын тургунун бычак менен коркутуп, сабап 1 миң 600 доллар жана 48 миң сому бар борсеткасын тартып алган.Аталган факт Жазык кодексинин 266-беренеси (Бейбаштык) боюнча каттоого алынган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Количество просмотров: 142