КУБАКЫ АШУУСУ ЖАБЫЛДЫ
Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Кубакы ашуусу аркылуу каттам аба ырайы калыбына келгенче жабылды. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы (ЖККБ) маалымдады. Ага ылайык, Кубакы ашуусуна түшкөн кардын калыңдыгынан улам бардык унаалар үчүн каттам Балыкчы шаары аркылуу уюштурулууда.
Мындан тышкары Бишкек-Ош жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел, Бишкек-Талас-Тараз жолундагы Өтмөк ашуулары аркылуу каттамда оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына чектөөлөр алына элек. Бул ашууларда жолду тазалоого керектүү техника тартылып, жолго кум-шагыл төгүлүп жатат.
Аталган мекеме тоолуу аймактарга жолго чыккан айдоочуларга чынжыр алып жүрүүгө, тыгын болгон учурда каршы тилкеге чыкпоого, атайын техниканын кыймылына тоскоолдук кылбоого чакырууда.
Унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден кем болбошу керек.
КАРЫЯНЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ
Бишкекте батирден 75 жаштагы карыянын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, куткаруучулар Үмөталиев көчөсүндө жайгашкан үйдүн 4-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1947-жылы туулган М.В.Х. аттуу эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Кийин сөөк Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп берилген. 4 куткаруучу тартылган.
ЖРТ ӨТҮҮДӨ
Кышкы жалпы республикалык тестирлөөн тапшыргандардын окуусу 2023-жылдын февраль айында башталат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Билим берүү жана илим министрлигинин Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Асан кызы билдирди.
Анын айтымында, жогорку окуу жайларга жылына эки жолу тест аркылуу кабыл алуу министрлер кабинетинин токтому менен бекитилген.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынар Батракеева ушул жылдын май айында жалпы республикалык тестирлөөгө катышып, бирок аз балл алып калгандар кышкы тестирлөөгө катыша аларын белгилейт.