• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Кумарканалардын лицензиясынын баасы 84 млн сомго чейин болот. Жол кырсыктан 4 адам жабыркады

28 Теке 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КУМАРКАНАЛАРДЫН ЛИЦЕНЗИЯСЫНЫН БААСЫ АЙТЫЛДЫ
Экономика жана коммерция министрлиги «Оюн-зоок ишине лицензия берүү үчүн акы төлөөнү белгилөө жөнүндө» министрлер кабинетинин токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарат.
Токтом долбоорунун негиздемесине ылайык, оюн-зоок ишин жоопкерчилиги чектелген коом же жабык акционердик коом түрүндөгү юридикалык жактар гана жүргүзүүгө укуктуу.
Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгүн толтуруучу булактардын бири болорун эске алуу менен оюн-зоок ишинин түрлөрүнө төмөнкүдөй тарифтерди белгилөө сунушталат:
– республикалык маанидеги шаарларындагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн сегиз жүз кырк миң эсептик көрсөткүчкө (84 млн сом) барабар, ошондой эле Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы казинолор, онлайн казинолор, электрондук (виртуалдык) казинолор үчүн төрт жүз жыйырма миң эсептик көрсөткүчтүн (42 млн сом) өлчөмүндө, Баткен, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарына эки жүз элүү эки миң эсептик көрсөткүчтүн (25 млн сом) өлчөмүндө; – оюн-зоок автоматтар залдары үчүн төрт жүз жыйырма миң эсептик көрсөткүчкө (42 млн сом) барабар; – букмекердик конторалар жана лотереялар үчүн жүз беш миң эсептик көрсөткүчкө (10,5 млн сом) барабар.

МАРШРУТКА МЕНЕН УНАА КАГЫШЫП, 4 АДАМ ЖАБЫРКАДЫ
Бишкекте бүгүн, 28-июлда саат 7:40тар чамасында №105 маршруттук таксинин катышуусунда жол кырсыгы орун алды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишинде маршрутка бурулуп жатып “Фольксваген Пассат” унаасы менен кагышкан.
Алдын ала маалымат боюнча, маршрутканын төрт жүргүнчүсү жабыркаган, алар ооруканага жеткирилди.
Окуя болгон жерде кайгуул кызматкерлери иш алып барууда.

КАФЕ ЖАНА КИЙИН ДҮКӨНҮ ӨРТТӨНДҮ
28-июлга караган түнү Бишкек шаарынын Ленин районуна караштуу Өмүракунов көчөсүндө жайгашкан кафенин жабык залы, жайкы тапчандарынын чатыры, 6 муздаткыч күйгөн. Бул тууралуу ӨКМдин маалыат кызматы кабарлады.
Ошондой эле тамактануучу жайга жакын жайгашкан кийим сатуучу дүкөндүн чатыры, кийим- кечелер жана имараттын ички жасалгасы күйгөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпысынан 6 бөлүм тартылып, өрт саат 02:50дө чектөөгө алынып, саат 04:38де толук өчүрүлгөн.
Такталган маалыматка ылайык өрттүн жалпы аянты 250 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

Количество просмотров: 200