• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргыз аскерлеринин Казакстандан качан чыгарылары айтылды. Чүйдө 34 жаштагы адам киши колдуу болду

13 Үчтүн айы 2022 14:02 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 13-январдагы маалыматына караганда, вирустан үч киши каза болду. Коронавирустан каза болгондордун жалпы саны 2826​ адамга жетти. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 742 адамдан табылды. Өлкөдө бул оору жуккандардын саны 187 620​. Бир күндө 100 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 580 адам жатат, дагы 2096 бейтап үйдөн дарыланууда. 12-январда Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавирустун «Омикрон» штаммы чыкканын жарыялады. Бул штамм менен өлкөдө эки адам катталган.

АЛМАТЫГА ЖӨНӨТҮЛГӨН КЫРГЫЗ АСКЕРЛЕРИ ӨЛКӨГӨ КЕЛЕТ

Эртең, 14-январда Казакстанга жөнөтүлгөн аскерлер өлкөгө кайтып келет. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын тынчтык орнотуучу аскер контингентинин учагы Алматыдан Токмок шаарындагы туруктуу жайгаштыруу пунктуна конот. Казакстандагы нааразылык акциялары башаламандыктар менен коштолуп, абал курчуган учурда Кыргызстандын 150 аскер Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун алкагында Алматы шаарына жиберилген. Алар маанилүү стратегиялык объект – ЖЭБ-2ни күзөтүп беришти.

КИШИ ӨЛТҮРҮҮГӨ ШЕКТҮҮ КАРМАЛДЫ

Чүй облусунун Панфилов районунда киши өлтүрүүгө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция кабарлады. 11-январь күнү болжол менен саат 01:46 чамасында милицияга Кайыңды шаарындагы батирден эркек кишинин жансыз денеси табылганы тууралуу маалымат түшкөн. Милиция кызматкерлери каза болгон жарандын өздүгүн аныкташкан, маркум 1988-жылы туулган А.К. экени такталган. Ошондой эле анын денесинде жаракаттар бар экени аныкталды. Жогорудагы кылмышка шектүү катары 1987-жылы туулган А.А.ны кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 125