• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргыз-кытай чек арасынан жүк алып өтүү көлөмү көбөйтүлмөй болду. “Ынтымак” паркын курууда мыйзам бузулганы аныкталды

2 Бештин айы 2020 14:28 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 2-декабрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери бул илдеттен эки адам каза болду. Көз жумган бейтаптардын бири Бишкек шаарынын, бири Ош облусунун тургундары болчу. Буга чейин акыркы жарым айда күнүнө төрттөн кем эмес адам өлүмү катталып келаткан. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандар 1277 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 335 адамдан табылды. Алардын эң көбү Чүй облусунда жана Бишкек шаарында катталды.

Ошентип, оору жуккандардын жалпы саны 73 513 кишиге жетти.

Бир күндө 478 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 2651 адам жатат, дагы 3600 бейтап үйдөн дарыланууда.

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕК АРАДАН ӨТҮҮЧҮ ЖҮКТҮН КӨЛӨМҮ КӨБӨЙТҮЛӨТ

Кытай өкмөтү кыргыз-кытай чек арасынан оор жүк ташуучу автомашиналарды өткөрүү тартибин 3-декабрдан тартып өзгөртөт. Бул тууралуу 1-декабрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиковдун Кытай элчиси Ду Дэвэн менен жолугушуусунда айтылды.

Өкмөттүн маалыматына караганда, кытай тарап «Эркечтам» жана «Торугарт» өткөрмө бекеттеринин иш убактысын азыркы сегиз сааттан 12 саатка чейин узартууга, жумуш күндөрүнөн тышкары дем алыш күндөрү да иштетүүгө макул болду.

Мындай шартта чек арадан бир сутка ичинде 30 автомашина өтө алары мүмкүн экени айтылды.

Кытай тарап «Эркечтам» бекетинин ишин жакшыртуу максатында ал жерге эки кампа куруларын, ал эми «Торугарт» аркылуу өтүү мүмкүнчүлүгү аба ырайынын шартына жараша болорун жана чектөө биринчи кезекте коронавируска каршы чаралардан улам киргизилгенин билдирди.

“ЫНТЫМАК” ПАРКЫН КУРУУДА МЫЙЗАМ БУЗУЛГАН

Башкы прокуратура Бишкек шаарынын түштүк тарабында жайгашкан «Ынтымак» сейил багынын курулушуна сарпталган 90 млн. сомдон ашык бюджеттик акча каражатын текшерип, төмөндөгү мыйзам бузууларды аныктады. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, сейил бактын курулуш иштери Бишкек шаардык мэриясы тарабынан тийиштүү долбоордук-сметалык иш-кагаздары жок жүргүзүлгөн, ошондой эле инерттүү курулуш материалдарынын, айрым аткарылган иштеринин көлөмү жана баалары негизсиз жогорулатылган.

“Коомдук объектилердин курулуш иштери, мамлекеттик сатып алуу процедураларын жүргүзбөстөн жана тиешелүү лицензиясы жок жаран менен мыйзамсыз келишим түзүү аркылуу жүргүзүлгөн.

Мындан сырткары, белгиленген квалификациялык талаптарга жооп бербеген конкурстун катышуучулары жеңүүчү деп аныкталып, курулуш иштерине керектелчү материалды сатып алуу боюнча негизсиз келишимдер түзүлүп, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилген”, – деп айтылат маалыматта. Аталган фактылар боюнча топтолгон материал 2020-жылдын 24-ноябрында Башкы прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 234-бер. (Ачык тооруктарды өткөрүүнүн тартибин бузуу) жана 320-бер. (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен КЖБРге катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш башталды.

Количество просмотров: 59