• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргызстан аза күтүүдө. Баткенге 26 миллиондон ашык сом чогулду

19 Аяк оона 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗСТАН АЗА КҮТҮҮДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 14-сентябрында башталган чек арадагы куралдуу кагылышууда курман болгондорго байланыштуу Кыргызстан бүгүн аза күтүүдө.

Улуттук аза күтүү жөнүндө жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Ага ылайык, бүгүн өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргызстандын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт. Кыргызстандагы маданият мекемелеринде жана телерадиокомпанияларында оюн-зоок иш-чаралары жана берүүлөрү токтотулат.

Кошумчалай кетсек, чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 59 кишиге жетти, 144 адам жабыркады.

ЖАПАРОВ КАЙРЫЛУУ ЖАСАДЫ

Президент Садыр Жапаров жарандарга кайрылып, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку куралдуу кагылышка байланыштуу интернеттеги чагым алдырбоого чакырды. Ал 19-сентябрь аза күтүү күнүнө карата кайрылуусунда анын кесепетинен кайсы бир өлкөлөр менен алака-катышка доо кетиши ыктымалдыгын эскертти.

Ал ошондой эле Баткенге барууга камданып жана үндөп жаткан жарандарга да кайрылды. Анда кыргыз армиясынын чек араны коргоо күчү жетерин белгиледи.

Чек арадагы куралдуу кагылышка байланыштуу 19-сентябрда Кыргызстан аза күтүп жатат. Кол салууда бери дегенде 59 адам мерт болду.

БАТКЕНГЕ ЖАРДАМ ЧОГУЛТУЛУУДА

Баткен облусунун элин колдоо эсебине 19-сентябрь саат 10:00гө карата 26 миллион 72 миң 750 сом чогулду. Бул тууралуу Кыргызстадын Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгы билдирди.

Бул сумма кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салууда жабыркагандарга көмөк көрсөтүү үчун ачылган атайын эсептеги каражат.

Кыргыз-тажик чек арасындагы калабада жабыркаган Баткен облусуна жана кагылыштан улам аргасыз жер которгон адамдарга гуманитардык жардам чогултуу, жөнөтүү бардык аймактарда уланып жатат.

Кыргызстан боюнча жалпы 162 жардам чогултуу түйүнү уюштурулган.

Количество просмотров: 133