• Шейшемби 16 Чын куран 2024
  • Вторник 16 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Кыргызстан-Кытай чек арасы жабык болот. Президенттин маалымат саясатын Жумаев жетектейт

28 Бештин айы 2021 13:59 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 28-декабрдагы маалыматына караганда, өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 вирусунан бир киши кайтыш болду. Пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан жалпы 2 798 киши көз жумду. Өткөн суткада 46 адам COVID-19 вирусун жаңы жуктуруп алганы аныкталды. Азыркы учурда өлкө боюнча 589 бейтап коронавирустан дарыланып жатат. Алардын 264ү ооруканада болсо, 325 киши медициналык жардамды үйүнөн алууда.

ПРЕЗИДЕНТТИН МААЛЫМАТ САЯСАТЫН ЖУМАЕВ ЖЕТЕКТЕЙТ

Алтынбек Жумаев президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгонун администрациядан билдиришти. Буга чейин президенттин маалымат саясатын Нурай Марс жетектеп келген. Ал аталган кызматка 2021-жылдын май айында дайындалган болчу.

КЫРГЫЗСТАН-КЫТАЙ ЧЕК АРАСЫ ЖАБЫК БОЛОТ

Жаңы жыл майрамына байланыштуу 2022-жылдын 1-январынан 3-январына чейин кыргыз-кытай чек арасынын «Торугарт – автожол» жана «Эркечтам – автожол» өткөрүү пункттары убактылуу жабылат. Демилгени Кытай тарап көтөргөн. Айтылган күндөрдө унаалар жана жүк өткөрүлбөйт. Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, көзөмөл-өткөрүү пункттары 4-январдан тарта атайын алгоритмге ылайык ишин улантат.

Количество просмотров: 89