• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: «Кырк чоронун» лидери менен Сыймык Жапыкеев түз эфирде чырдаша кетишти

16 Аяк оона 2020 14:24 Бишкек Govori.TV

Коронавирус жуккан жаңы 73 учур катталды

Кыргызстанда 16-сентябрга карата коронавирус жуккан жаңы 73 учур катталды. Анын ичинен 18 – коронавирус, 55 – пневмония, ж о э жуктуруп алгандардын алтоо мед кызматкери. Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдиргендей, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 45 миң 72 адамга жетти. Ал эми бугунку каунго карата 107 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Аба ырайы кескин өзгөрөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

17-сентябрдан 21-сентябрга өлкөнүн айрым аймактарында үч күн бою катуу жамгыр жаап, бийик тоолуу жерлерде кар жаашы күтүлүүдө. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу ӨКМ билдирген. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Өз өмүрүн кыюуга аракет кылган эки адам куткарылып калды

Бир күндө өз жанын кыюуга аракет кылган эки адам куткарылып калды. 15-сентябрда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда Сакалды айылынын 44 жаштагы эркек тургуну насостук станциянын башына чыгып, жанын кыюуга аракеттенген. Ушул эле күнү Бишкектин Биринчи Май районунда көп кабат үйлөрдүн биринин тургуну 5-кабаттын терезесине чыгып, жанын кыюуга аракет кылган. Окуя болгон жерлерге куткаруучулар жетип барып, кооптуу кырдаалды жөнгө салышкан. Куткарылган эки адамды милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бутунан айрылган Рустам Набиев Эльбрус тоосун эки колу менен багындырды

Бутунан айрылган 28 жаштагы Рустам Набиев Эльбрус чокусун багындыруу үчүн 13 километрди колу менен басып өттү. Бул тууралуу видеону ал өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазган. Анын айтымында, Эльбрусту багындыруу үчүн жарым жылдай даярданган. Ал эми бул бийиктикти багынтуу үчүн 15 саат кеткен. “Бул кылганымды жубайыма жана кыздарыма арнадым”, – деп жазган ал.

Өзбекстанда жарандык алууну жеңилдеткен мыйзам күчүнө кирди

15-сентябрдан баштап Өзбекстанда паспорт алуунун жол-жоболорун жеңилдеткен мыйзам күчүнө кирди. Бул мыйзам жарандык согуш маалында коңшу өлкөгө жер которуп, үй-бүлө күткөн жүздөгөн тажикстандыктардын Өзбекстан жарандыгын жана паспортун алуусуна мүмкүндүк берет. Өзбекстанда жарандыгы жок кишилердин саны канча экени белгисиз. 2010-жылы Ташкент Бириккен Улуттар Уюмуна 87 миңдей кишиде жарандык жок экени тууралуу маалымат берген.

«Кырк чоронун» лидери менен Сыймык Жапыкеев түз эфирде чырдаша кетип, ажыратып калышты

“Кырк чоронун” лидери жана “Баарына каршы” элдик кыймылынын мүчөсү Замир Көчөрбаев менен “Чоң Казат” партиясынын мүчөсү Сыймык Жапыкеев түз эфир учурунда уруша кетишти. Натыйжада Жапыкеев эфирден кетип калган. Түз эфирдеги талкуу блогер Канышай Мамыркулованын ютуб каналында болуп, катышуучулар “Баарына каршы болсок эле башкача жашап калабызбы?” деген теманын алкагында сөз кылып жатышкан.

Количество просмотров: 565