• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Кырсыкта каза болгондордун сөөгү өлкөгө качан жеткирилет? Күйөөсү сабаган аял арыз жазуудан баш тартты

22 Баш оона 2022 14:02 Бишкек Govori.TV

КЫРСЫКТА КАЗА БОЛГОНДОРДУН СӨӨГҮ ӨЛКӨГӨ КАЧАН АЛЫНЫП КЕЛИНЕТ?

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери тергөө иш-чараларына катышуу үчүн Ульяновск районундагы кырсык болгон жерге жөнөп кетишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун сөөгүн алып келүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

«Бирок бул соттук-медициналык экспертизадан жана компетенттүү органдардан алып кетүүгө уруксат алгандан кийин ишке ашат», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги ачкан ишеним телефонуна каза болгондордун жакындары кайрыла баштаганы белгилүү болду. Министрликте байланышка чыккан жакындарынын так санын азырынча атай алган жок.

Ульяновск облусундагы жол кырсыгында 16 адам каза болуп, алардын 14 кыргыз жарандары экенин белгилүү болду. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги дагы үч адам ооруканага түшкөнүн, алардын жарандыгы такталып жатканын кабарлады.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү министрлик-мекемелерге каргашадан каза болгондордун сөөгүн мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды.

АБДУЛЛАЕВ 2 АЙГА КАМАЛДЫ

Ири курал сактоого шек саналып кармалган «Үмүт жана Ко» фирмасынын ээси Журат Абдуллаев 19-октябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 20-августунда Абдуллаевдин баш коргоо чарасы каралып, СИЗО-1ге камакка алынган.

Эске салсак, 19-августта «Үмүт жана Ко» фирмасынын ээси Журат Абдуллаев мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалган. Атайын кызмат андан «БРДМ-2» үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган «Калашников» үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынганын кабарлады.

КҮЙӨӨСҮ ТАРАБЫНАН САБАЛГАН АЯЛ АРЫЗ ЖАЗБАЙТ

Ысык-Көлдө күйөөсү тарабынан сабалган аял милицияга арыз жазуудан баш тартты. Маалыматты облустук милициядан тастыкташты.

Маалыматка ылайык, “Радуга” пансионатында катталган окуя Ысык-Көл райондук милициясынын электрондук маалымат журналына катталган. «Жагдайды тактоо үчүн аймактык милициянын кызматкерлери жөнөтүлгөн. Окуяны тактоо учурунда аял милицияга арыз жазуудан баш тарткан»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин социалдык тармактарда пансионаттардын биринде күйөөсү балдарынын көзүнчө аялын сабаган видео тараган.

Количество просмотров: 778