КЫЗЫЛЧАГА КАРШЫ ЭМДӨӨ
Кыргызстанда кызылча (корь) оорусу боюнча абал оор бойдон сакталууда. Бул тууралуу бүгүн 13-ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, бул илдетке чалдыккандар 3618ге жетти, алардын эң көбү Бишкекте, Чүйдө жана Жалал-Абадда. Бул аймактарда вирус бала бакчаларда жана мектептерде эмделбеген балдар арасында активдүү жайылып жатканы белгиленди.
Бейтаптардын 88% 10 жашка чейинки курактагы балдар. Ооругандардын 87% түрдүү себептен улам эмдөөдөн өтпөй калгандар.
ӨРТ КЫРСЫГЫ
Кыргызстандын аймагында бир суткада 9 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош облусунда 2, Чүй облусунда 2, Бишкек шаарында 1, Ош шаарында 1, Жалал-Абад облусунда 1, Талас облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
БИШКЕК-ОШ ЖОЛУНДАГЫ ЧЕКТӨӨ
Бишкек-Ош жолундагы “Арал” постунда 12-ноябрда саат 20:00дөн тарта оор жүк ташуучу автоунааларга чектөө киргизилди.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Бишкек — Ош автоунаа жолунда аба ырайы кескин өзгөрүп, Ала-Бел ашуусунда кар жаап, бороон күчөгөн. Министрликке караштуу №23 ишкана (ДЭП) ашууну кардан тазалоо жана кум-шагыл чачуу иштерин жүргүзүп жатканы кабарланды.
Мнистрлик ашуулар кар экенин белгилеп, алыс жолго чыга турган айдоочулардан дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну эскертүүдө.