• Шейшемби 14 Бугу 2024
  • Вторник 14 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Мадумаровго кайсы берене менен кылмыш иши козголду? Коронавирустан 3 адам көз жумду

11 Бирдин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ
Кыргызстанда 11-февралга карата коронавирус 69 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.
Акыркы суткада 274 адам илдеттен сакайып чыкты, үч бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 585 бейтап, амбулатордук түрдө 2 миң 597 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 199 миң 890 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 192 миң 232 киши айыгып чыкса, 2 миң 920 адам каза болду.


МАДУМАРОВГО ИШ КОЗГОЛДУ
Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров өзүнө карата “Чыккынчылык” беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди. Мадумаров “Азаттык” радиосунун суроолоруна жооп берип жатып, муну “жүз пайыз саясий иш” деп атады.
Депутатты жоопко тартууга макулдук берүү маселесин кароо үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. Анын алдында Башкы прокуратура ушундай өтүнүч менен кайрылганы белгилүү болгон жана буга байланыштуу тармактык комитет чукул жыйынга чогулган.
Андан соң маселе Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында каралып, депутаттык комиссия түзүлдү.


МЭРИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН ИШИ СОТКО ӨТТҮ
Башкы прокуратура тараткан маалыматка ылайык, Октябрь райондук прокуратурасы Бишкек шаардык мэриясынын «Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасынын К.Р. жана А.Н. аттуу кызмат адамдарына карата өзгөчө ири өлчөмдөгү каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин айыптоо актын бекитти. Алар КР Кылмыш-жаза кодексинин 210, 346-беренелери (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”, “кызматтык жасалмачылык”) боюнча кылмыш жасаган деп айыпталууда.
Текшерүүдө, аталган ишкананын кызмат адамдары жеке материалдык кызыкчылыктарды көздөп, финансылык-бухгалтердик документтерге атайылап жалган маалыматтарды киргизүү жолу менен жүргүнчү автобустарынын айдоочуларынан күн сайын түшкөн акча каражаттарын ишкананын кассасынан системалуу түрдө чыгаруу жана ыйгарып алуу схемасын уюштургандыгы аныкталган. Кылмыштуу аракеттердин натыйжасында, ишканага жалпы суммасы 5 288 500 сом зыян келтирилген.
Тергөөдө көрүлгөн чаралардын натыйжасында мамлекетке 5 миллион 288 миң 500 сом зыян толугу менен өндүрүлгөн.
Айыптоо акты бекитилгенден кийин кылмыш иши Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.

Количество просмотров: 167