• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Махмудов Оштун ардактуу атуулу болду. Балбандар Египеттеги мелдештен 9  медаль менен кайтты

27 Бирдин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЕГИПЕТТЕГИ МЕЛДЕШТЕ КЫРГЫЗ БАЛБАНДАРЫ 9 МЕДАЛЬ АЛДЫ

Кыргызстандык балбандар Египеттеги эл аралык мелдешинен тогуз медаль менен кайтты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) сайтында айтылат. Мелдеш 21-26-февраль күндөрү Александрия шаарында өттү. Кыргызстандын куржунуна үч алтын, бир күмүш жана беш коло байге топтолду.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча: 1-орун – Айсулуу Тыныбекова (62 кг); 3-орун – Айпери Медет кызы (76 кг); 3-орун – Мээрим Жуманазарова (68 кг).

 Грек-рим күрөшү боюнча: 2-орун – Акылбек Талантбеков (82 кг); 3-орун – Сыймык Махмудов (63 кг); 3-орун – Раззак Бейшекеев (67кг).

Эркин күрөшү боюнча: 1-орун – Эрназар Акматалиев (70 кг); 1-орун – Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг); 3-орун – Бекзат Алмаз уулу (57 кг).

МАХМУДОВ ОШТУН АРДАКТУУ АТУУЛУ БОЛДУ

 Грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпиону жана Олимпиада оюндарынын күмүш байгесинин ээси Акжол Махмудов «Ош облусунун ардактуу атуулу» болду.  Маалыматка ылайык, Ош облусунун башчысы Зиядин Жамалдинов балбан Акжол Махмудов жана машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовду кабыл алды.

«Облус башчысы Махмудовду эл аралык мелдештерде ийгилик жаратып жаткан жеңиштери менен куттуктап, “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамын жана 200 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлык тапшырды. Ошондой эле машыктыруучусуна да Ардак грамота жана 50 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Акжол Махмудов грек рим күрөшү боюнча дүйнөнүн чемпиону, Ислам шериктештик оюндарынын алтын байгесинин ээси, Монголияда өткөн Азия чемпионатынын жеңүүчүсү. Ошондой эле Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш медалынын ээси.

ЧЕК АРАДА ЖЕР ТИТРЕДИ

Бүгүн, 27-февралда таңкы саат 05:58де Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Сейсмология инстутунун берген маалыматына ылайык, жер титирөөнүн очогу Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы Какшаал-Тоо тоо кыркаларында, тагыраагы Таш-Короо айылынан түштүк-чыгышка карай 50 км, Эчкили-Таш айылынан туштүк-чыгышка карай 55 км, Кургак айылынан түштүк-чыгышка карай 58 км, Эңилчек айылынан түштүк-чыгышка карай 60 км, Кең-Суу айылынан түштүк-чыгышка карай 60 км жана Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 130 км аралыкта жайгашкан.

Количество просмотров: 204