• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: «Максат» чек ара заставасы ачылды. Бишкектин айрым райондорунда суу өчөт

29 Бугу 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

“МАКСАТ” ЧЕК АРА ЗАСТАВАСЫ АЧЫЛДЫ

Баткен облусуна караштуу Лейлек районунда «Максат» чек ара заставасы ачылды. Иш-чарага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.

Заставанын имараты жаңыдан түптөлүп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө жана жашоо шарттары заман талабына шайкеш деңгээлде жакшыртылган. Мында аскерлердин эс алуу бөлмөлөрү, машыгуу залы, фельдшердик бөлүм, жайкы ашкана, футбол аянтчасы, унаа токтоочу жайлары, мончо сыяктуу эң зарыл болгон шарттар камсыздалган.

Алыскы аймактардан келип кызмат өтөгөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн абалы эске алынып, кызматтык үйлөр да камсыздалган, балдар үчүн ойноочу аянтчасы да бар.

ЭРТЕҢ АЙРЫМ АЙМАКТАРДА СУУ ӨЧӨТ

 Эртең, 30-майда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, 30-майда саат 9:00дөн 20:00гө чейин Садовая көчөсү — Чүй проспектиси, Ч.Валиханов көчөсү — темир жол линиясы; 7-Апрель — Ауэзов — Исакеев — Ч.Валиханов көчөлөрү менен чектешкен аймакта, ошондой эле «Учкун» кичирайону, «Учкун» конушунда суу болбойт.
Суу шаардык суу түтүктөрүндө профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт.

ОШТО ӨРТ ЧЫКТЫ

Ошто базарга жакын жерде ири өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28-майда Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы «Оомат» базарына жакын жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрт саат саат 15:05те чектөөгө алынып, 20:43тө толугу менен өчүрүлгөн.

Бактыга жараша өрттүн кесепетинен жабыркагандар жок. Учурда материалдык чыгымдары жана кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

Количество просмотров: 58