• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Мамытов Матвиенко менен жолукту. Коронавирустан 1 адам каза болду

22 Бирдин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

 КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 22-февралга карата коронавирус 31 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Акыркы суткада 159 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.

Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 220 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 251 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 200 миң 368 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 194 миң 377 киши айыгып чыкса, 2 миң 947 адам каза болду.

ЧЕК АРА БЕКЕТИНДЕ ТЫГЫН ЖАРАЛДЫ

Кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек» өткөрмө бекетинде ушул тапта 180дей жүк ташыган унаа кезекте турат. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 60тай машина жүккө байланыштуу тиешелүү документтерди күтүп жатат.

Чек ара кызматы жүк ташыган машинелер Казакстанга»Кең-Булуң» өткөрмө бекети аркылуу дагы өтсө болорун эскертти.

МАМЫТОВ МАТВИЕНКО МЕНЕН ЖОЛУКТУ

Жогорку Кеңештин спикери Талант Мамытов 21-февралда Москвада Орусиянын Федерациялык кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко менен жолукту. Кыргыз парламентинин басма сөз кызматы алар негизинен парламенттер аралык кызматташууну, алака-катышты өнүктүрүү жолдорун талкуулаганын билдирди.

«Андан сырткары жолугушууда миграция тармагындагы кызматташуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Талант Мамытов Орусиядагы кыргызстандыктардын укуктук абалын жакшыртуу маселесине токтолуп, Валентина Матвиенкодон Кыргызстандын жарандарынын айрым категорияларын «кара тизмеден» чыгаруу боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө көмөктөшүүнү өтүндү. Валентина Матвиенко кыргыз тараптын миграция жаатындагы тынчсыздануусун эске алып, бул багыттагы көйгөйлөрдү чечүү боюнча биргелешкен иштерди улантууну сунуштады», деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусия 74 миң кыргызстандык жаранды «кара тизмеге» киргизип, кирүүгө тыюу салганын билдирген.

Орусияда расмий эсепке ылайык 700 миңдей кыргызстандык жаран иштеп жүрөт, ал эми бейрасмий булактарда алардын саны бир миллиондон ашат.

Количество просмотров: 116