• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: “Мас” прокурор иштен алынды. Коронавирустан 4 киши каза болду

17 Бештин айы 2020 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда 17-декабрга карата дагы 264 адамдан коронавирус илдети табылып, төрт киши ушул оорудан улам жашоо менен кош айтышты.

Илдетке каршы республикалык ыкчам штабдын маалыматына ылайык, мурда ооругандардын арасынан 386 адам айыкты.

Кыргызстанда COVID-19 вирусуна чалдыккандар алгач 2020-жылдын 18-мартында аныкталган. Илдетке каршы республикалык штабдын расмий маалыматына ылайык, андан бери коронавирус 78 415 кишиге жукту, алардын 1321и каза болуп, 71 656 бейтап айыкты.

Стационарда – 1815 бейтап дарыланууда. Алардын 92си өтө оор, 496сы оор, 1236сы орто абалда жатышат. Калгандарынын абалы канааттандырарлык.

“МАС” ПРОКУРОР ИШТЕН АЛЫНДЫ

Ош облустук прокуратурасы бөлүмүнүн улук прокурору Союзбек Сарыков ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын расмий сайтында маалымдалат.

Тийиштүү буйрукка Башкы прокуратуранын жетекчилиги кол койгон.

Эске салсак, 12-декабрь күнү интернетке “Ошто мас абалындагы прокурор соттук ишке катышып, кийин терезелердин темир торун сындырып качып кетти” деген аталыштагы видео тараган. Анда бет кап тагынган кишиге аялдын кайрылып сүйлөп жатканы тартылган.

Бул боюнча териштирүү иштери башталганын Башкы прокуратурадан кабарлашкан. Кызматтык иликтөө иштери дагы эле уланып жатканы кабарланды.

ЦЕХТЕ ЧЫККАН ӨРТТӨ БИР АДАМ ЖАБЫРКАДЫ

Бишкек шаарында цехте чыккан өрттөн бир жаран иске ууланды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-декабрда Ч.Айтматов проспектиси №1 “Бишкек штамптоо заводунун” аймагында жайгашкан модуль цехтин 120 чарчы метр чатыры жана 300 литр боек күйгөн.

“Ишкананын 120 чарчы метр чатыры жана 300 литр боёк күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1985-жылы туулган П.Ф. аттуу эркек киши иске ууланып, жеңил жаракат алды”,-деп айтылат маалыматта.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Количество просмотров: 38