• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Момбековдун сунушу… Мектеп курууга каражат табылды

6 Бирдин айы 2019 15:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.02.2019.Govori.TV.

Коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн каражатка мектеп курулат

Былтыр коррупция менен күрөшүүдөн түшүп жаткан акчаны которууга атайын эсеп ачылган. Ошол каражат Чүй облусунда жана Бишкекте мектеп курууга жумшалат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкек шаарынын жалпы билим берүүчү мектептеринин абалы менен таанышып жатканда айтты. Маалыматты президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы борбор шаардагы № 69 жана № 12-мектептерге барып, класстарды көрдү, окуучулар менен маектешти.

Сооронбай Жээнбеков мектептердин жамааттары менен маектешүү учурунда өлкөдөгү ички миграция негизинен Бишкек шаары менен Чүй облусунда көп көйгөлөрдү жаратканын, ушул себептен бул региондогу мектептерде окуучулардын өтө көп болуп жатканын белгиледи.

Момбеков Космосбек Чолпонбаеге кызматтан кетүүнү сунуш кылды

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Рыскелди Момбеков саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге отставкага кетүү сунушун берди. Эске салсак, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев менен Медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиев гранттык акчанын эсебинен кымбат жол тандабастарды кызматтык унаа катары сатып алганы ачыкка чыккан.

Шашылыш билдирүү. 10-февралга чейин күтүлгөн аба ырайы

Синоптиктер аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 2019-жылдын 5-7-февраль күндөрү Кыргызстанда туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт. 6-февралдан 9-февралга чейин абанын температурасы кескин төмөндөөсү күтүлөт. Катуу жаан жааган убакта автожолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын кыймылдоосун кыйындатат.

Количество просмотров: 10