• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Москвада кыргыз жараны муунтуп өлтүрүлгөн. 49 жаштагы киши баңгизат менен кармалды

22 Жетинин айы 2022 13:56 Бишкек Govori.TV

МУРДА СОТТОЛГОН АДАМ БАҢГИЗАТ МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Баткенде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип 49 жаштагы жаран кармалды. Маалыматка ылайык, Кадамжай шаарында жайгашкан борбордук мечиттин жанындагы ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө 1973-жылы туулган Э.К. аттуу жаран кармалган. Шектүү Баткен облусунда Кадамжай районунун туулган, мурда Өзбекстанда «Тыңчылык» беренеси боюнча соттолгон.

Бул факт боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси («Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо») боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.

Мындан тышкары, шектүү Э.К. жашаган жери боюнча үйдү тинтүү учурунда уктоочу бөлмөдөн «марихуана» баңгизаты табылып, алынган. Бул кылмышка башка катышуучулардын тиешеси бар экендигин аныктоо боюнча андан аркы тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

КЫРГЫЗСТАНДЫК ТАКСИСТ КАЗА БОЛДУ

Москвада таксист муунтуп өлтүрүлгөн. Бул тууралуу жергиликтүү ММКлар жазды.

Маалыматка ылайык, Москва шаарынын Ельнинская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн короосунда такси унаасынын ичинен 1972-жылы туулган айдоочунун сөөгү табылган.

«Ал муунтуп өлтүрүлгөн. Таксинин айдоочусун өлтүрүүгө шектелген жаран Москва шаарынын батышында кармалган. Анын жанынан өлтүрүлгөн жарандын банктык картасы табылган”, — деп айтылат маалыматта.

ЖМКлар маркум Кыргызстандын жараны экенин жазышууда.

ЫСЫК-КӨЛДӨ ЖЕР ТИТИРЕДИ

Ысык-Көлдө бир түндө эки ирет жер титиреди, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 22-ноябрь күнү саат 03:26да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 3,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Ак-Суу районунун Ак-Булун, Совет айылдарында 3,5 балл, Нововознесеновка, Жыргалаң, Боз-Учук, Качыбек, Ак-Булак айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 3 балл, Токтоян, Кең-Суу, Каркыра айылдарында, Ак-Суу районунун Ичке-Жергез, Отрадное айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Ушул эле күнү 04:34тө Ысык-Көл облусунда очогунда күчү 3 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды. Жер титирөө Ак-Суу районунун Совет, Кызыл- айылында 3 балл, Ак-Чий, Ак-Булак, Нововознесеновка, Ак-Булуң айылдарында, Түп районунун Сары-Телегей айылында 2,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 180