• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Муфтият авиакомпанияларга сынак жарыялайт. Жапаров Жалал-Абадга барат

26 Тогуздун айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖАПАРОВ ЖАЛАЛ-АБАДГА БАРАТ

Президент Садыр Жапаров 26-27-октябрда иш сапары менен Жалал-Абад облусуна барат. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жапаров Жалал-Абад шаарынын күнүнө арналган иш-чараларга катышып, бир катар социалдык объекттердин курулушунун жүрүшү, ички жолдордун абалы, ошондой эле ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышат.

Майрамдык иш-чаралар — Аюб-Тоо тоосунда мамлекеттик тууну көтөрүү жана «Курманбек» стадионундагы майрамдык концерт (башталышы 18:30да) УТРК эфиринде жана социалдык тармактардын баракчаларында түз чагылдырылат.

БООМДО ТАШТАР КУЛАТЫЛУУДА

Боом капчыгайында таштарды кулатуу иштери жүрүп, жол маал-маалы менен жабылууда. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, таш кулатуу иштери 20-октябрдан 17-ноябрга чейинки аралыкты жүргүзүлмөкчү. Мындан улам жолдор саат 09:00дөн 15:00гө чейин КР ИИМ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жабылат.

Ишкананын басма сөз кызматынан кошумчалашкандай, мындай иш-чаралар Бишкек-Нарын-Торугарт жол тилкесинде автомобиль жана темир жол транспортунун коопсуздугун камсыздоо максатында өткөрүлүүдө.

  МУФТИЯТ СЫНАК ЖАРЫЯЛАДЫ

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы авиакомпаниялар арасында сынак жарыялаганын маалымдашты. Сынактын негизги максаты 2024-жылдагы ажылык сапарга Кыргызстандан барган мусулмандарды алып баруу, кайра алып келүү болуп саналат.

Тандоо туру 14-ноябрда саат 10:00дө муфтият кеңсесинин жыйындар залында өтөт.

Авиакомпанияларга коюлган талаптар менен кеңири muftiyat.kg сайтынан тааныша аласыз.

Количество просмотров: 97