КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ
30-ноябрдагы маалыматка караганда, Кыргызстанда кечээтен бери коронавирустан 5 киши каза болгон. Алардын бирөө Бишкектин, экөө Талас облусунун жана Чүй менен Ош облустарынын бирден тургуну болчу. Муну менен жалпысынан көз жумгандардын саны 1251 адамга жетти.
Кыргызстанда бир күн ичинде коронавирус 380 адамдан табылса, 360 адам илдеттен сакайып, ооруканадан чыккан.
Акыркы бир күн ичинде өлкө боюнча17 медицина кызматкеринен коронавирус табылган. Ошол эле учурда үй карантининен 6 чыгарылган. Пандемия башталгандан бери Кыргызстанда 3 миң 910 медицина кызматкери коронавирус жуктурган, алардын ичинен 3 миң 599 медкызматкер айыгып чыкты.
Белгилей кетсек, учурда Кыргызстанда коронавирусту жуктургандардын жалпы саны 72 миң 807ни түзөт. Алардын ичинен 64 миң 149 адам айыгып чыкты.
САРПАШЕВ СУРАККА ЧАКЫРТЫЛДЫ
Кыргыз Республикасынын мурунку вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев Финансы полициясына суракка чакыртылды. Бул тууралуу редакцияга өздүк булактар кабарлады.
Маалым болгондой, Сарпашев бүгүн саат 17:00гө суракка келүүсү керек.
Эске салсак, Буга чейин Финпол мурунку вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү башталганын кабарлаган.
Маалыматка ылайык, ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн, жакын туугандарына каттаган.
“ДЖЕНГО” ИЗДӨӨГӨ АЛЫНДЫ
«Дженго» каймана аты менен таанылган Кадыр Досоновго карата издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.
Маалым болгондой, УКМКнын уюшкан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн иштердин алкагында Досонов өзгөчө оор кылмышка катыштыгы бар деген шек жаралган. Ош шаардык соту 28-ноябрь күнү ага карата сыртынан камакка алуу тууралуу өкүм чыгарып, издөө жарыяланды.
«УКМК Досоновдун жүргөн жерин аныктоо жана анын башка мыйзамсыз иштерге катышканын тактоо иштерин жүргүзүп жатат», – деп айтылат маалыматта.