• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Нарындын мэри Болотбеков бошотулду. Өзбекстандан парламенттик делегация келди

21 Аяк оона 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

Кыргызстанда акыркы суткада таажы илдетинен эки адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2592 адамга жетти.Соңку бир күн ичинде вирус дагы 89 адамдан табылды. Оору жуккандардын жалпы саны 177 869 адамга жетти. Бир күндө 108 адам айыгып, ооруканадан чыкты. Азыр ооруканада 571 адам жатат, дагы 865 бейтап үйдөн дарыланууда.

ӨЗБЕКСТАНДАН ПАРЛАМЕНТТИК ДЕЛЕГАЦИЯ КЕЛДИ

Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева расмий иш сапары менен Бишкекке келди. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, парламенттик делегацияны Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарлары Аида Касымалиева жана Нурбек Сыдыгалиев, Өзбекстан менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун жетекчиси Мамасадык Бакиров тосуп алды. Иш сапардын алкагында бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрөт. Мындан тышкары Танзила Нарбаева кыргыз-өзбек ишкер аялдарынын форумуна катышат.

НАРЫНДЫН МЭРИ БОШОТУЛДУ

Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков сыртка чыкпоо тил катынын негизинде бошотулду. Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдиргендей, чечим 20-сентябрда, чыккан. Болотбеков шайлоодогу коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө. Болотбеков мурдагы депутат Руслан Чойбековдун ишинин алкагында кармалган. Чойбеков бир нече күн мурун депутаттык мандат үчүн 300 миң доллар алган деген арыздын негизинде кармалып, камакка алынган. Атайын кызматтын маалымдашынча Нарындын мэри бул иште чогуу катышкан. Ал Кылмыш кодексинин 204-беренеси (“Ири өлчөмдөгү алдамчылык “) менен шектүү катары кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Количество просмотров: 426