• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Нарынга Оштон арча көчөтү алынып келди. Мыйзамсыз акча жүгүрткөн жаранга айып салынды

31 Жалган куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

“АЛА-АРЧАДАГЫ” ӨРТ

Бишкектин Ч. Айтматов көчөсүндө жайгашкан “Ала-Арча” соода борборундагы өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кырсык 30-мартта катталган, жерине ӨКМдин эки өрт өчүрүүчү унаасы жана Штаб тартылган.

«Өрт саат 19:41де чектөөгө алынып, толугу менен саат 20:08 өчүрүлдү. Өрттүн кесепетинен соода борборунун 4-кабатында 2 чарчы метр жыгач полу жана вытяжканын кыймылдаткычы күйгөн», — деп айтылат маалыматта.

Өрттөн эч ким жабыркаган эмес.

УЛУТТУК БАНК АЙЫП САЛДЫ

Кыргызстандын Улуттук банкы мыйзамсыз акча жүгүрткөн жаранга айып салды. Бул тууралуу көзөмөл органынын сайтында маалымдалды.

Билдирүүдө Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргызстандын С.И.Т. аттуу жаранына 17 миң 500 сом өлчөмүндө айып пул салынгандыгы айтылат.

НАРЫНГА ОШТОН АРЧА АЛЫНЫП КЕЛИНДИ

Нарын шаарына Ош облусунан 1,5 миң түп арча көчөтү алынып келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун питомнигинен алынган арчалар шаардын 64-аймагындагы Ынтымак аллеясынын айланасынан баштап отургузулууда.

Мэриядан белгилешкендей, көчөттөр демөөрчүлөрдүн эсебинен түшкөн каражатка алынды.

«Жеринде 800 сомго бааланган көчөттөр Нарын шаарынын мэри Канболот Тутуевдин сүйлөшүүсү менен 400 сомго бааланып алып келинди», — деп кошумчалашты муниципалитеттен.

Количество просмотров: 125