• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ноокат шаарынын мэри менен экс-спикери кармалды. Нарын дарыясынан адамдын сөөгү табылды

14 Тогуздун айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


ЭПИДЕМИОЛОГИЯЛЫК АБАЛ

14-октябрга карата таажы илдетинен үч бейтап каза болду. 91 адамдан коронавирус инфекциясы жаңы аныкталды. Былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 179 583 адамга жетти. Пандемия башталгандан бери жалпы 2 627 адам каза болду. Бир күндө 87 адам сакайып чыкты. Бүгүнкү күнү 455 адам ооруканада, 596 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

НООКАТ ШААРЫНЫН МЭРИ МЕНЕН МУРДАГЫ СПИКЕРИ КАРМАЛДЫ

Ноокат шаарынын мэри менен Ноокат шаардык кеңешинин экс-спикери камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, 2017-жылдан 2021-жылдын июнь айына чейин Ноокат шаардык мэриясынын адамдары кызмат абалынан кыянат пайдаланышып, шаар бюджетин 15 млн 43 миң 720 сом зыянга учураткан. Учурда кармалган адамдар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу, зыяндын ордун толтуруу үчүн тергөө иштери жүрүүдө.

НАРЫН ДАРЫЯСЫНАН АДАМДЫН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Нарын дарыясынын жээгинен адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Нарын облусунун Тоголок Молдо айылындагы Нарын дарыясында белгисиз адамдын сөөгү агып бара жаткандыгы тууралуу маалымат “102” кызматына түшкөн. Белгиленгендей, куткаруучулар саат 20:40да жерине жетип, караңгы кирип кеткендигинде байланыштуу сөөктү издөө бүгүн, 14-октябрь күнү улантылып, сөөктү Нарын дарыясынын жээгинин Жылан-Арык айыл аймагынын тушунан таап, Ак-Талаа РИИБнө өткөрүп беришти.

Количество просмотров: 313