МЕКТЕПКЕ ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО
Бүгүн, 26-июнда 1-класска электрондук каттоонун экинчи этабы башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдиришти.
Маалыматка ылайык, II этапта жашаган дарегине карабай 26-июндан 31-августка чейин каттоого турууга болот.
Биринчи этап – юридикалык жашаган жери боюнча 10-апрелден 25-июнга чейин жүргүзүлдү. Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 81 миң 396 бала кабыл алынса, анын ичинен 1 миң 967 бала жеңилдик менен кабыл алынды.
7 ЖАШТАГЫ БАЛА ИЗДЕЛҮҮДӨ
Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон 7 жаштагы бала табыла элек. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 15-июнда саат 10:30 чамасында Таш-Көмүр шаарынын Новостройка айылында 7 жаштагы Н.Т. аттуу бала үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Бала Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги болжолдонууда.
«25-июнда издөө иштерин жүргүзүү максатында 7 куткаруучу, жергиликтүү тургундардан 4 адам тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иши токтотулду»,-деп жазылат маалыматта.
Бүгүн издөө иштери уланууда.
ЖАЛАЛ-АБАДДА ЖЕР ТИТИРЕДИ
Жалал-Абад облусунда жер титиреди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн саат 09:08де Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.
«Жер титирөө Сузак районунун Таралча, Канжыга айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген»,-деп жазылат маалыматта.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.