• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Окуучулардын кышкы каникулу канча күнгө созулат? Ошто жанаша жайгашкан үйлөр өрттөндү

16 Бештин айы 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда 16-декабрга карата коронавирус дагы 39 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Ал эми бир суткада 43 адам илдеттен сакайып чыкты, эки бейтап каза болду. Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 317 бейтап, амбулатордук түрдө 354 адам дарыланууда.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 94 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 166 киши айыгып чыкса, 2 миң 777 адам каза болду.

ОКУУЧУЛАРДЫ КЫШКЫ КАНИКУЛУ

Мектеп окуучулары үчүн 2021/2022-окуу жылындагы кышкы каникул 31-декабрдан 11-январга чейин созулат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, окуучулар 12 күн эс алат. Окуу 12-январда (шаршемби) башталат.

Эске салсак, республикада 2021/2022-окуу жылынын башталышы 15-сентябрга жылдырылган. 2021-2022-окуу жылында менчиктин бардык типтериндеги жана формаларындагы жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.

ОШТО КАТАР ЖАЙГАШКАН ҮЙЛӨР ӨРТТӨНДҮ

Ош шаарында жанаша жайгашкан үйлөр өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жалпы аянты 360 чарчы метр болгон турак үй толугу менен күйүп, өрт жанында жайгашкан үйгө өтүп жыгач устундуу шифер менен жабылган үйдүн 70 чарчы метр чатыры күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 3 жаран жабыркап «Тез жардам» кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. Тилсиз жоону өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, 06:02 чамасында өчүрүлгөн.

Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 573