• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ош базарда сатуучу өрттөнүп өлөм деп жатат. Мамкаттоонун башчысы арыз жазды

12 Бештин айы 2019 13:53 Бишкек Govori.TV
https://www.youtube.com/watch?v=De7aPcRPdS4&feature=youtu.be&fbclid=IwAR3oB9RfHV4CU_vNSnmMlK14CL9VKYhKuPa-dGGAlD_KF-9eEJfwYwapGCE

ОШ БАЗАРЫНДА ЖАРАН ӨЗҮН-ӨЗҮ ӨРТТӨЙМ ДЕП КОРКУТУУДА
Бишкектеги Ош базарында эркек киши өзүнө бензин куюп, өрттөнүп өлөм деп жатат. Бул тууралуу 24.kg агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, ал киши учурда митинг өтүп жаткан «Берекет» базарында соодагер болуп иштейт.
«Нааразычылык акциясына 100гө жакын киши чогулду. «Берекеттин» соодагерлери башка жаңы имаратка көчүүгө каршы. Алар базардын жабылышына каршылык көрсөтүшүүдө, бирок базардын жетекчилиги аларга эчак эле эскертүү берип келген», — деп билдиришти редакцияга.
Эске салсак, Ош базарынын соодагерлери «Берекет» ЖАКтын төрагасы Болот Бегалиев муниципалдык жерди 2010-жылы ижарага алып, аталган жайга соода комплексин куруп алганына нааразы. Орундарды ижарага алып келгендерди жаңы соода борборуна көчүүгө мажбурлап жатышат. Соодагерлер ЖАКтын жетекчилиги менен жаңы келишим түзүүдөн баш тартышууда.


МАМКАТТООНУН БАШЧЫСЫ АРЫЗ ЖАЗДЫ
Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысы Алмаз Мамбетов 6-декабрда Ички иштер министрлигине жасалма номурду бир нече автоунаада пайдаланып жүргөн факты боюнча чара көрүүнү суранып арыз жазган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.
Мамбетов жеке адамдын маалыматы тууралуу ЖМКга жалган маалымат таратылганына байланыштуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын мониторинг борборундагы айрым кызматкерлерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранган.
Арыз боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 320-берененин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Бир жума мурда Интернетте «01 578 ASD» деген окшош номур тагылган беш түрдүү машиненин видеокөзөмөл камераларына түшүп калган сүрөттөрү тараган. Алардын бири 1-декабрда жол эрежесин бузуучу катары тартылган.


ЖАКТООЧУ ТОКТАКУНОВ БАШКЫ ПРОКУРАТУРАГА НААРАЗЫ
Жактоочу Нурбек Токтакунов бажы кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Райымбек Матраимовго карата Башкы прокуратурага жазган арызы каттоого алынбаганын коомчулукка билдирди.
Ал Башкы көзөмөл органы арызды Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттады деген бир дагы билдирүү жок экенин айтты. Юристтин пикиринде, башкы көзөмөл органы берилген арызды атайлап көңүл сыртына калтырууда.
Ал эми Башкы прокуратурадан билдиришкендей, юристтин арызы иликтенүүдө. Ал жалпы бөлүмдө каттоого алынган. «Процедура ушундай. Аны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине киргизүүдөн мурун кайрылуу каралышы керек», — дешти мекемеден.
Нурбек Токтакунов буга чейин Башкы прокуратурага Райымбек Матраимовдун расмий кирешесинен ашып түшкөн ири байлыктары тууралуу фактылар боюнча арыз менен кайрылганын айткан.

Количество просмотров: 261