• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ошто өз атасы 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелүүдө. Коронавирустан 7 адам каза болду

23 Чын куран 2021 14:00 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы жети адамдын өмүрүн кыйды. Алардын төртөө Бишкекте, үчөө Чүй облусунда. Коронавируска каршы республикалык штабдан кабарлашкандай, 23-апрелге карата дагы 272 адамдан бул оору аныкталды. Алардын теңинен көбү борбор калаада.

Мурда ооругандардан 163 киши сакайды.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган 2020-жылдын март айынан бери илдет 93 278 кишиге жукту. Анын 87 717и айыгып, Вирустан жалпы 1573 адам кайтыш болду.

ПАСПОРТ КААТЧЫЛЫГЫ ЧЕЧИЛДИ

Чет элдик паспорт каатчылыгы толугу менен чечилди. Бул тууралуу КР премьер-министри Улукбек Марипов социалдык тармактагы түз эфир учурунда билдирди.

Ал 3-майдан баштап жалпы жарандык паспорт алууга документтер кабыл алына баштай турганын билдирди.

Эскерте кетсек, жаңы электрондук жалпы жарандык паспорттор 2020-жылдын 25-декабрында бериле башташы керек эле, бирок 2021-жылдын 1-апрелине жылдырылган. Ал арада мартта өлкөдө чет элдик паспортту берүүнүн тартыштыгы жана кечиктирүү кырдаалы жаралганы белгилүү болгон. Анда өкмөттөн электрондук паспортторду берүү боюнча план кечиктирүү менен аткарылганы айтылган.

Ушуга байланыштуу чет өлкөлөрдө жүргөн КР жарандары үчүн 2004 жана 2006-жылдардагы үлгүдөгү Кыргызстандын паспорттору 2021-жылдын 1-сентябрына чейин узартылган.

17 ЖАШТАГЫ КЫЗ ЗОРДУКТАЛДЫ

Ош облусунун Өзгөн районунда өз атасы 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагына караштуу Кош-Коргон айылынын 45 жаштагы кыздын таежеси арыз менен кайрылган. Арызда 19-апрель түнү болжол менен саат 22:00 чамасында 17 жаштагы кызды 45 жаштагы атасы кызынын алсыз абалынан пайдаланып зордуктап койгондугун жазган. Аталган арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө өспүрүм кызды Өзгөн райондор аралык социалдык эмгек өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси суракка алган учурда төмөнкүлөрдү билдирген.

19-апрелде болжол менен саат 22:00 чамасында эркине каршы, каршылык көрсөткөнүнө карабастан жыныстык катнашта болгондугун көрсөткөн. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, чиймелер чийилип, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Шектүү өз көрсөтмөсүндө кызынын айткандары чындыка дал келбейт деп билдирген. Алгачкы соттук-медициналык экспертизанын алгачкы текшерүүүсү боюнча кыздык белгиси бузулбагандыгы белгилүү болгон. Ошондой болсо да бүдөмүк ойлор пайда болбосу үчүн кошумча кайрадан экспертиза дайындалган.

Количество просмотров: 149