• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Ошто жер титиреди. Жазгы-талаа иштерине даярдыктын жүрүшү талкуланууда

16 Бирдин айы 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ӨКМӨТ МҮЧӨЛӨРҮ МААЛЫМАТ БЕРҮҮДӨ

Жогорку Кеңеш бүгүнкү 16-февралдагы жыйында жазгы-талаа иштерине даярдыктын жүрүшү жөнүндө министрлер кабинетинин маалыматын угууда

Жыйынга министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган мүчөлөрү толук курамда катышууда.

Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл бардык аймактарда жазгы-талаа иштерине даярдык өз деңгээлинде жүрүп жатканын билдирди. Анын ырасташынча үрөн, минералдык жер семирткич, күйүүчү май жана айыл чарба техникасы менен камсыз кылууда быйыл эч кандай көйгөй жаралбайт.

Минкабдын мүчөсү маалымдагандай, ирригацияга быйыл 1 млрд сом каралууда. Ал каражатка 816 чакырым чарбалык каналдарды тазалоо пландары турат.

Учурда депутаттар жазгы-талаа иштери боюнча министрлер кабинетинин тийиштүү өкүлдөрүнө суроолорун берүүдө.

ӨМҮРҮН КЫЮУГА АРАКЕТ КЫЛГАН АДАМ КУТКАРЫЛДЫ

Бишкекте өз өмүрүн кыюуга аракет кылган жаран куткарылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Т.Айтматов менен Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде 25 жаштагы Т.А. аттуу эркек киши колуна бычак кармап алып, өз өмүрүн кыюуга аракет кылган.

Жерине 7 куткаруучу, милиция кызматкерлери, тез жардам кызматы жана туугандарынан 2 адам тартылган.

Куткаруучулар туугандары менен биргеликте жогоруда аталган адамды өз өмүрүнө кол салуудан сактап, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

ОШТО ЖЕР ТИТИРЕДИ

Ош облусунун аймагында жер титирөө катталды. КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 15-февралда саат 09:24тө катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Кара-Суу районунун Папан жана Лаглан айылдарында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Количество просмотров: 2256