• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Пара алууга шектелип прокурордун орун басары кармалды. Коронавирустан үч адам каза болду

18 Жетинин айы 2021 14:03 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АБАЛ

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 18-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду, үчөө тең вакцина албагандар.

Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2715 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 62 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (17 адам) жана Чүй облусунда (17 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 182 667 адамга жетти.

Азыр ооруканада 560 бейтап жатат, дагы 661 адам үйдөн дарыланууда.

ПРОКУРОРДУН ОРУН БАСАРЫ КАРМАЛДЫ

Опузалап пара алуу фактысы менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокурорунун орунбасары кармалды. Бул тууралуу 17-ноябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Шектүү укук коргоо кызматкерлеринен 5000 АКШ доллары өлчөмүндө акча талап кылганы, «болбосо кылмыш жоопкерчилигине тартам» деп коркутканы айтылууда. Колго түшкөн учурда 200 миң сомдон ашуун акчаны алганы тууралуу далилдер табылган.

Атайын кызмат кармалган адамдын аты-жөнүнүн баш тамгаларын атады. Ал инициалдар район прокурорунун орунбасары Алтынбек Айдаровдун ысымына дал келүүдө. Башка басылмалар колго түшкөн аткаминер Айдаров экенин жазышты. Прокуратурадан азырынча комментарий боло элек.

Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

КАРАКОЛДО ТУРИСТТИК СЕЗОН АЧЫЛАТ

27-ноябрда «Каракол» тоо лыжа базасында 2021-2022-жылдын кышкы туристтик сезонун расмий ачуу аземи өтөт. Бул тууралуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, салтанат кышкы туризмди туруктуу өнүктүрүү боюнча Швейцариялык долбоордун жана ата мекендик өнөктөштөрдүн колдоосунда өтөт.

Ошентип, кышкы сезондун ачылышынын алкагында лыжа жана сноуборд сүйүүчүлөрү үчүн сынактар, лыжа боюнча мастер-класстар, эс алуучулар арасында түрдүү сынактар, лотереялар, жергиликтүү өнөрпоздордун катышуусунда концерттик программа жана башка көптөгөн кызыктуу иш-чаралар өткөрүлөт.

Ошондой эле 28-ноябрда балдар жана чоңдор үчүн ар кандай кызыктуу оюндар жана сынактар ​​уюштурулуп, анда баалуу байгелерди утуп алууга болот.

Количество просмотров: 89