• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Президент 27 жаштагы кыздын өлүмү боюнча үн катты. Мектептер 2 күнгө жабылат

8 Чын куран 2021 15:59 Бишкек Govori.TV

МЕКТЕПТЕР 2 КҮНГӨ ЖАБЫЛАТ

Бишкек шаардык мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева борбор калаада шайлоо тилкелери жайгашкан бала бакчалар 8-апрелден 14-апрелге чейин эле жабыларын билдирди. Мектеп окуучулары да 12-13-апрель күндөрү гана аралыктан окуй турганын айтты. Шайлоо жана референдум өткөндөн кийин эки күн билим берүү мекемелеринде дезинфекциялоо иштери жүрөт. Андан кийин буга чейин мектепте сабак мурдагы тартипте уланат.


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 дагы төрт бейтаптын өмүрүн кыйды. Анын үчөө Бишкекте, бири Чүй облусундагы ооруканада жаткан. Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штаб 8-апрелде билдиргендей, бир суткада вирус 222 кишиден жаңы аныкталды. Бул — сентябрдан берки эң көп көрсөткүч. Март айынан тартып вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1516 кишиге жетти. Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 89 660 кишини түздү. Анын 85 607 айыкты. А Расмий маалыматка караганда, учурда 712 бейтап ооруканаларда дарыланууда.

27 ЖАШТАГЫ КЫЗДЫН ӨЛҮМҮ ЧУУ ЖАРАТТЫ

Президент Садыр Жапаров Айзада Канатбекованын өлүмү менен аяктаган окуяга байланыштуу үн катты. Ал «Фейсбуктагы» баракчасына 27 жаштагы Айзаданын уурдалып киши колдуу болгонун «терең кайгыруу менен кабыл алганын» билдирди. Жапаров кыргыз милициясын мыйзамдуулук менен тартипти биринчи орунга койбогону сындады. Жапаров Айзаданын жакындарына көңүл айтып, бул окуяга жооптуулар катуу жазаланарын билдирди.

Количество просмотров: 3487