• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Референдумга каршы митинг өттү. Мамытов Москвада кыргызстандыктар менен жолугушту

9 Бештин айы 2020 14:09 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде COVID-19 илдети дагы 322 кишиден (U07.1 жана U07.2) жаңы аныкталды, илдеттен эки адам каза болду. Бул тууралуу 9-декабрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб маалымдады. Каза болгондордун бири — Бишкектин, бири — Ош облусунун тургуну.

9-декабрга карата соңку бир күн ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда 494 адамды түздү.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстанда коронавирус пандемиясы башталган март айынан бери илдет 76 012 кишиге жукту. Анын 68 367 айыкканы айтылды. Вирустан 1303 адам кайтыш болду.

РЕФЕРЕНДУМГА КАРШЫ МИТИНГ ӨТТҮ

Бүгүн, 9-декабрда жарандык коомдун айрым өкүлдөрү Жогорку Кеңештин алдына референдум өткөрүүгө каршы акцияга чыгышты. Акцияга Рита Карасартова, Динара Ошурахунова, Өндүрүш Токтонасыров, Нурбек Токтакунов жана башка активисттер, юристтер катышууда.

Алар референдумдун өтүүсүнө нааразылыгын билдирип, бийликке бир катар талаптарды коюшууда. Активист Өндүрүш Токтонасыровдун айтуусунда алтынчы чакырылыштын депутаттарынын референдум өткөрүү тууралуу маселени кароого моралдык укуктары жок. Ошондой эле митингдин катышуучулары парламентти таркап кетүүгө чакырышууда.

Жарандык коомдун бир катар өкүлдөрү мамлекеттик башкаруу формасын өзгөртүү жөнүндө референдум өткөрүүгө каршылыгын билдирип, жекшемби сайын пикет, митинг, жүрүш уюштуруп келатышат. Алар өлкөдө авторитардык башкаруу, диктатура орнойт деп кооптонушууда.

9-декабрдагы жалпы отурумунда Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 10-январында мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.

МАМЫТОВ ОРУСИЯДА КЫРГЫЗДАР МЕНЕН ЖОЛУКТУ

КР президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясындагы иш сапарынын алкагында Москва шаарында жашаган кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мекендештер менен түзүлгөн жолугушуу мүмкүнчүлүгү үчүн кубанып жаткандыгын айткан Жогорку Кеңештин төрагасы бул баарлашуу жакындан пикир алмашууда өтө маанилүү экенине токтолду. Муну менен катар төрага Москвада өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдө эмгек мигранттарына түзүлгөн шарттарды жакшыртуу боюнча жүргүзүлгөн чараларга өзгөчө көңүл бурулгандыгын белгиледи.

Ошондой эле жолугушууда миграциялык өз ара байланыш, өлкөлөр ортосундагы аба жана темир жол каттамдарынын толук калыбына келтирүү, Кыргызстандык эмгек мигранттарынын үй-бүлө мүчөлөрүн милдеттүү медициналык камсыздандыруудан өткөрүү маселелери тууралуу сөз болду.

Жолугушуунун соңунда төрага Талант Мамытов мекендештердин сунуш-пикирлерин угуп, кызыккан суроолоруна жооп берди.

Количество просмотров: 72