ТЕКЕБАЕВДИН СОТУНДА ОТУНБАЕВА КӨРСӨТМӨ БЕРДИ
Биринчи май райондук сотунда «Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев менен мурдагы министр, экс-элчи Дүйшөнкул Чотоновдун сотунда экс-президент Роза Отунбаева көрсөтмө берди.
Отунбаева 2010-жылдын 12-13 майында 7-апрелде каза болгондордун 40 күндүгү өтүп, өлкөдө маанилүү күндөрдүн бири болгонун айтты. Ал күнү Отунбаева каза болгондордун ата-энеси менен жолугушкан. Ош, Жалал-Абадда жагдай курчуп тургандыктан 12-майда өкмөттүн имаратында чогулушуп, атайын тапшырма менен Дүйшөнкул Чотонов Ошко учуп кеткенин айтып берди. Демек 12-13-май күндөрү Текебаев менен Чотонов “Супара” тамактануучу жайында болушу мүмкүн эмес эле деп бекемдеди экс-президент.
12-ноябрда 2010-жылдагы Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү көрсөтмө берип, баары тең аларга тагылган айып негизсиз экенин билдиришкен.
Жогорку сот быйыл 21-августта ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган жана Текебаев менен Чотоновду сот залынан бошоткон. Азыр алар үй камагында.
БИШКЕКТЕ БАНКТЫ ТОНОП КЕТКЕНДЕР ИЗДЕЛҮҮДӨ
Белгисиз бирөөлөр Бишкектеги банктардын биринин филиалын тоноп кетишти. Маалыматты ИИМ тастыктады.
Маалыматка караганда, карактоо фактысы бүгүн эртең менен катталды. Анда Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги банктардын биринин филиалы тонолду.
Алдын ала маалыматка ылайык, белгисиз кишилер жеке күзөт агенттигинин кызматкерин сабап, акчасын алышкан. Кылмышкерлерде ок атуучу курал болгон.
Кайсыл банк тонолгону азырынча айтыла элек. ИИМ шектүүлөрдү издеп жатат.
МИГРАНТТАРДЫН МУШТАШЫНЫН СЕБЕБИ АЙТЫЛДЫ
Москва шаарындагы массалык мушташ футболдук оюндан келип чыккандыгын Россиянын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жекшемби күнү «02» кызматына Ефремов көчөсүнүн тургундары чалып, массалык мушташ болуп жаткандыгы тууралуу билдирген. Окуяга катышкандар «Жилищник» ишканасында иштеген кыргыз жана өзбек жарандары болгону аныкталган.
Массалык мушташ футболдук оюндар келип чыкканын Baza Telegram каналы билдирет. Көчө шыпыргандар жумуштан кийин жолдоштук беттеш өткөргөн. Беттештен кийин адилетсиз оюн болду деп бири-бирин күнөөлөп чыгышкан. Мындан улам оюнчулар арасында массалык мушташ орун алган.
Укук коргоо органдары тарабынан 17 адам кармалган. Мушташтан кийин олуттуу жаракат алгандар болгон эмес.