• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Сүлүктү мэриясынын кызмат адамдарына иш ачылды. Ботаникалык бакта казак жараны тонолду

15 Бештин айы 2022 14:04 Бишкек Govori.TV

СҮЛҮКТҮ МЭРИЯСЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ИШ АЧЫЛДЫ

Сүлүктү шаардык мэриясынын айрым кызмат адамдарына карата кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Сүлүктү шаарында “АРИС” долбоорунун алкагында 2018-жылдан бери жалпы суммасы 225 млн 173 миң 374 сом болгон суу түтүктөрүн реабилитациялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бирок, аткарылган иштер талапка жооп бербей, бүгүнкү күнгө чейин ичүүгө таза суу бериле элек жана ошондой эле Сүлүктү шаарынын суу түтүктөрү ишке киргизиле элек.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүдө бөлүнгөн каражаттын максаттуу пайдаланылышын аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

КАЗАК ЖАРАНЫ ТОНОЛДУ

Бишкекте ботаникалык бактан казакстандын жаранынын 40 миң долларын тоноп кетишкен. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 2022-жылы 10-декабрда Октябрь райондук милициясына Казакстандын жараны арыз менен кайрылып, 7-декабрда саат 15:00дөр чамасында белгисиз жарандар ага тапанча менен кол салып, жанындагы 40 миң долларын тоноп кеткенин айткан.

Аталган факты КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси («Каракчылык») менен каттоого алынган.

Кол салууга шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 1993, 1991-жылы  жана 1996-жылы туулган жарандар кармалып, 2 айга камакка алынды.

Шектүүлөрдүн биринин жашаган жерин тинтүүгө алганда 5,5 миң доллар, «Макаров» үлгүсүндөгү тапанча ок-дарылары менен табылып, экспертиза дайындалган.

СОСНОВКАДА СПИРТ ТАШУУ ФАКТЫСЫ АНЫКТАЛДЫ

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Бишкек – Ош автожолундагы «Сосновка» контролдук-өткөрмө пунктунан эсепке алынбаган спиртти ташуу фактысын аныкташты.

Ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришкендей, рейддик иш-чаранын жүрүшүндө продукцияга тиешелүү документтери жок 1 тоннадан ашык этил спиртин ташыган унаа токтотулган.

Автоунаа айып салуучу жайга киргизилип, текшерүүнүн материалдары юридикалык баа берүү үчүн прокуратура органдарына өткөрүлүп берилди.

Количество просмотров: 117