Сасык тумоого каршы эмдөө 16-сентябрда башталат
Кыргызстанда сасык тумоону алдын алуу аракеттери көрүлүп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы эмдөөнүн биринчи партиясын сатып алганын министр Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда айтты.
«Учурда сатылып алынган вакцина республиканын бардык аймактарына таратылып жатат. Эмдөө 16-сентябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда, бара-бара өлкөнүн бардык аймактарында башталат», – деди министр.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунушу боюнча, вакцина биринчи кезекте өнөкөт оорулары бар адамдарга, көп учурда оорулуу балдарга, кош бойлуу аялдарга, иммунитети төмөн жана 65 жаштан жогорку курактагы адамдарга, балдар үйлөрүндөгү балдарга, карылар үйүндөгү адамдарга, интернаттардын балдарына, ошондой эле медициналык адистерге жүргүзүлөт.
Бишкекте мыйзамсыз курулуштар алынууда
Бишкекте мыйзамсыз курулуштар түрттүрүлдү. Мэриянын жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы «Тазалык» муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте калааны мыйзамсыз курулуштардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Анда, биринчи май райондук сотунун чечими менен «Мурас-Ордо» жаңы конушунда жайгашкан турак үйдүн кожоюндарында тиешелүү документтери жок болгондуктан түрттүрүлгөн. Ошондой эле алтынчы кичи районунун №10 үйүнүн жанына орнотулган тосмо алынган. Мындан тышкары Москва жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишиндеги мыйзамсыз орнотулган бастырма алынган. Бишкек мэриясы ишкерлерден жер пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранат.
20-сентябрдан баштап Казакстан менен авиакаттам жанданат
20-сентябрдан баштап Казакстан менен авиакаттам жанданат. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдайт. Маалыматка караганда, эки өлкө ортосундагы авиациялык келишимдерге ылайык, эки өлкөнүн үзгүлтүксүз каттамдар 2020-жылдын 20-сентябрынан баштап кайра жаңыланат.
Алматы-Бишкек-Алматы каттамды жумасына эки жолу ишемби жана жекшемби күндөрү «Эйр Астана» авиакомпаниясы
Казакстанда мунай-газ кенинен чыккан зыяндуу зат абага тарады
Казакстандын Атырау облусундагы Карабатан мунай-газ кенинен чыккан зыяндуу заттар абага тарады. Бул маалыматты жергиликтүү экология департаментинин жетекчиси Алибек Бекмухаметов ырастады.
«Биздин адистер атмосферанын булгануу деңгээлин аныктоо үчүн Карабатандын санитардык аймагында зыяндуу заттардын концентрациясын өлчөп жатышат. Бул тууралуу прокуратурага маалымат берилди. Биз ал жерде пландан тышкаркы текшерүү жүргүзөбүз», — деди Бекмухаметов.
Коронавирустун
Бүгүн, 15-сентябрга карата Кыргызстанда дагы 71 адамдан коронавирус аныкталса, ооруканада даарыланып жаткан 80 бейтап айыгып чыккан. Ал эми каза болгондор катталган эмес. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдыкеримов брифинг учурунда билдирди.