КОРОНАВИРУС АКЫРКЫ АБАЛ
Кыргызстанда бүгүн коронавирус 55 адамдан табылды, бул илдеттен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу 7-сентябрда Коронавируска каршы республикалык ыкчам штаб кабарлады. Штабдын маалыматына караганда, жаңы катталган 55 адамдын эң көбү Баткен облусунда – 13 адам. Бир сутка ичинде катталгандардын бешөө медицина кызматкерлери, алардын үчөө Баткен облусунда, экөө Ысык-Көл облусунда. Азыр COVID-19 илдетине чалдыккан 601 бейтап ооруканаларда, үч миңдей бейтап үйүндө дарыланууда. Кечээтен бери бул илдеттен айыккан 134 адам ооруканадан чыкты.
ЫСЫК-КӨЛДӨ ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН БИР АДАМ КАЗА БОЛДУ
7-сентябрь күнү саат 04:47де Бишкек-Ананьево-Каракол унаа жолунун 65-чакырымында (Сары-Ой айылы) “Мерседес-Бенц” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бетон тосмону сүзгөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кырсыкка 29 жаштагы эки эркек киши кабылып, анын бирөө каза болгон. Жабыркаган жаранды тез жардам кызматкерлери Чолпон-Ата шаардык ооруканасына алып барышкан. Ал эми каза болгон адамдын сөөгүн куткаруучулар унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
ШАЙЛООГО БАЙЛАНЫШТУУ ИИМ КУРАЛ-ЖАРАКТАРДЫ ТЕКШЕРЕТ
Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү башталганына байланыштуу ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти сактоо багытында жарандардын колундагы бардык курал-жарактардын түрлөрүн текшерүүгө алат. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандар сактап жана колдонуп жүргөн курал-жарактарды, аларды сактоо эрежелерин жана тиешелүү документтерин текшеришет. Жеке күзөт агенттиктери, алардын филиалдары жана ал жакта иштеген кызматкерлер, мамлекет тарабынан белекке берилген курал-жарактар, жарандардагы травматикалык жана өзүн өзү коргой турган курал-жарактар, ошондой эле мергенчилердин аңчылык кылган куралдары текшерилет. Жеке жана юридикалык жактарга курал-жарактарды сатууга жана сатып алууга байланыштуу уруксат документтерди берүү да убактылуу токтотулат. Жакынкы арада республиканын аймагында курал-жарактарды сатуу менен алектенген ишканалар жана дүкөндөрдүн ишмердүүлүгү да убактылуу токтотулат.
«АК КУЛА» АТ МАЙДАНЫ ШААРДЫН КАРАМАГЫНА ӨТТҮ
Бишкек шаарындагы “Ак кула” ат майданы толук бойдон мэриянын карамагына өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, вице-мэр Азиз Алымкуловдун тапшырмасы боюнча Муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев ипподромдун талаш участкаларын мэрияга өткөрүү боюнча көчмө жыйын өткөргөн. “Биз “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаарындагы филиалынын кызматкерлери менен биргеликте жер тилкелеринин чек араларын аныктоо жана имаратты техникалык инвентаризациялоо боюнча иштерди жүргүздүк. Өлчөөнүн жыйынтыгы боюнча, кыймылсыз мүлк объектисине мамлекеттик акт жана техникалык паспорт алынат”, – деген Тынаев. “Ак-Кула” ат майданы биринчи ирет 1995-жылы менчиктештирилген, анда ат майдандын 57 гектар жери сатылган. Экинчи ирет 2003-жылы 100 миң сомго сатылган. 2017-жылы Бишкек мэриясы ат майдандын жерин муниципалитетке кайтаруу боюнча сотко кайрылган.