• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Шайлоого көз салууга 25 эл аралык байкоочу катталды. Коронавирус жуктурган адамдардын саны 44 526га жетти

8 Аяк оона 2020 14:30 Бишкек Govori.TV

ШАЙЛООГО ЭЛ АРАЛЫК БАЙКООЧУЛАР КАТТАЛДЫ

Борбордук шайлоо комиссиясы  парламенттик шайлоого карата эл аралык байкоочуларды каттоону баштады. Боршайкомдун маалыматына караганда, 7-сентябрдагы отурумда эл аралык уюмдардын 25 байкоочусу расмий каттоого алынды.

Алардын 18и Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунан, бешөө Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинен (КМШ), экөө Молдованын Боршайкомунан.

Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Азыр бир айлык үгүт өнөктүгү жүрүп жатат.

ЖОЛ КЫРСЫГЫНДА 1 АДАМ КАЗА БОЛДУ

Кубакы ашуусунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 7-сентябрда Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 175-чакырымында (Кубакы ашуусу) “Volkswagen Polo” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай, жолдон чыгып оодарылып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 25 жаштагы адам каза болгон.

ӨКМдин куткаруучулары маркумдун сөөгүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

КОРОНАВИРУС АКЫРКЫ АБАЛ

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 198 бейтап айыгып чыкты, бирок ошол эле убакта дагы 68 киши илдет жуктуруп алганы катталды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен жалпысынан өлкөдө коронавирус жуктурган адамдардын саны 44 526га жетти. Анын ичинен 40 158 бейтап ооруну жеңип чыкты.

Учурда өлкөдөгү ооруканаларда 551 киши жатат, ал эми амбулатордук дарыланууда 2 627 бейтап бар. Коронавирустун кесепетинен кечээ Бишкек шаарында бир адам каза болду. Аталган оорудан ажал тапкан кыргызстандыктардын жалпы саны 1 062ге жетти.

Ал эми Ош облусунда бир медик COVID-19 жуктуруп алганы аныкталды. Ошол эле маалда бир суткада төрт медицина кызматкери ооруканалардан айыгып чыгарылды. Ал эми үй карантининде дарыланып жаткан 17 ак халатчандын сакайганы маалым болду.

Количество просмотров: 48