• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Шакиев баштаган депутаттар Түркияга кетти. Кайра шайлоого катышуу ниетин 39 адам билдирди

27 Чын куран 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

ШАКИЕВ ТҮРКИЯГА КЕТТИ
Бүгүн, 27-апрелде Жогорку Кеңешитин төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган делегация Түркияга иш сапары менен барды.
Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш сапардын алкагында төрага Нурланбек Шакиев Анкара шаарында өтө турган Түрк мамлекеттеринин Парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына катышат.
Эскерте кетсек, делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаттары Чолпон Султанбекова, Улан Бакасов жана Айбек Осмонов бар.

ДЕПУТАТТЫККА АТТАНГАНДАР 39ГА ЖЕТТИ
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышууга арыз берген талапкерлердин саны 39га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-апрелде аяктайт.
Эскерте кетсек, №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майында өтөт.

БЕГАЛИЕВ КЫЗМАТКА ДАЙЫНДАЛДЫ
Канат Бегалиев “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы мамлекеттик мекемесинин” директору болуп дайындалды. Бул тууралуу дене тарбия департаментинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти жонундо» жобого ылайык Бегалиев Канатбек Кубанычбекович Дене тарбия жана спорт департаментине караштуу “Спорттук курулмалар жана спорттук камсыздоо башкармалыгы» мамлекеттик мекемесинин директору болуп дайындалды.
Канатбек Бегалиев Олимпиада оюндарынын байге ээси, Дүйнө чемпиондугунун күмүш байге ээси, Азия чемпиону.

Количество просмотров: 45