• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Сириядагы түрмөлөрдө беш жүздөй кыргызстандык бар

17 Тогуздун айы 2019 15:20 Бишкек Govori.TV

Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барды
Президент Сооронбай Жээнбеков 17-18-октябрда Жалал-Абад облусунун Токтогул районуна болгон эки күндүк иш сапарынын алкагында экспортко багытталган ишканалардын ишмердиги менен таанышып, таза суу, ирригация жана айыл чарба объектилерин көрүп чыгат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Бүгүн Президент Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кара-Тектир айылындагы «Аселим» тигүүчү цехтин ишмердиги менен таанышып, ишмерлер өндүрүлгөн продукция Россияга экспортко кетип жатканы боюнча айтышты.
Президент аймактарда ишкердикти өнүктүрүү боюнча маселелерди чечүү мындан ары дагы тиешелүү мамлекеттик органдардын ишмердигинин артыкчылыктуу багыты болуп кала берерине ишендирди.
Ошондой эле ал Токтогул районунун бал азыктарынын көргөзмөсүн көрүп чыкты. Жергиликтүү өндүрүүчүлөр менен болгон баарлашуусунда ал ата мекендик продукция өзүнүн сапаты жана экологиялык тазалыгы менен чет өлкөлүк рыноктордо атаандаштык түзө алат деп баса белгиледи.
Ошондой эле Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин биринчи фазасынын жыйынтыкталышы менен таанышат.


УКМК: Сириядагы атайын лагерлер менен түрмөлөрдө 500дөй кыргызстандык кармалып турат
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Мирлан Тургунбаев Жогорку Кеңеште депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Сириядагы атайын лагерлер менен түрмөлөрдө беш жүздөй кыргызстандык кармалып турганын маалымдады.
Анын айтымында, учурда ал жактагы аялдар менен балдарды алып келүү боюнча сүйлөшүүлөр уланып жатат.
— Сирияда жүргөн жарандар анын ичинде аялдар, балдар боюнча идентификациялоо иштери жүрүп жатат. Беш жүздөн ашык кыргызстандык качкындар лагеринде, түрмөлөрдө жатат. Аларды алып келүү боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат, — деди Тургунбаев.
2013-2014-жылдан бери Сирия менен Ирактагы жоочуларга 800дөй кыргызстандык барып кошулганын, 200гө чамалуусу каза болгонун күч органдары расмий кабарлаган. Кеткендердин 150гө жакыны аялдар. Буга чейин Сириядагы качкындар лагеринде кармалып жаткан кыргыз жарандары менен жолугуп, дайынын билиш үчүн эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөр Кыргызстандын Түркиядагы дипломатиялык корпусу аркылуу жүрүп жатканы айтылган. Сирия менен Ирактагы кыргызстандыктарды кайтарып келиш үчүн өкмөттө вице-премьер-министр Жеңиш Разаков баштаган жумуш тобу түзүлгөн.

Токаевдин иш сапары. Эки өлкөнүн ТИМ башчылары даярдыктарды талкуулашты
Казакстандын Нур-Султан шаарында Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлери Чыңгыз Айдарбеков менен Мухтар Тлеуберди жолугушуу өткөрүшкөн. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.
Билдирүүгө караганда, жолугушууда министрлер эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарына болгон даярдыкты талкуулашкан.
Министр Айдарбеков Казакстан менен ынак коңшулук жана достук мамилелерди сактоо өлкөнүн тышкы саясатынын башкы приоритеттеринин бири болуп саналарын баса белгилеп өткөн.
“Тараптар Кыргызстан менен Казакстандын тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жакынкы арада Бишкек шаарында компетенттүү ведомстволордун катышуусунда ТИМдер аралык консультацияларды өткөрөрүн макулдашты”, – деп кошумчалашты ведомстводон.

Количество просмотров: 73