• Шаршемби 22 Теке 2026
  • Среда 22 Июль 2026

Соңку жаңылыктар: Өспүрүм изделүүдө. Салыкчы пара алууга шектелүүдө  

21 Бештин айы 202314:08 Бишкек Govori.TV

ӨСПҮРҮМ ИЗДЕЛҮҮДӨ

Ноокатта 13 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм изделүүдө. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айылынын 15 жаштагы Р.Э. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Аны акыркы жолу Жаңы-Ноокат айылынын Сапарбай каналынын жээгинен көрүшкөн.

Кечээ, 20-декабрда жерине издөө-иштерин улантуу максатында 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө токтотулган. Натыйжа болгон жок.

Издөө иштери бүгүн, 21-декабрда улантылат.

 САЛЫКЧЫ КАРМАЛДЫ

Салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери 200 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министринин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын кызматкери салык текшерүүсүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облустун тургунунан 200 миң сом пара талап кылган.

«Кылмыш иши боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, 20-декабрда 200 миң сом суммасындагы акча каражатын алып жатканда Салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы У. К. кармалган»,-деп жазылат маалыматта.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

9 ӨРТ КЫРСЫГЫ КАТТАЛДЫ

Кыргызстандын аймагында акыркы сутка ичинде 9 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Алсак: Бишкек шаарында – 1; Ош облусунда – 3; Чүй облусунда – 2; Ысык-Көл облусунда – 2; Баткен облусунда – 1 тилсиз жоо катталган.

Ал эми куткаруу кызматтары тарабынан эки чыгуу болду.

Теги:
Количество просмотров: 80