• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Судья менен милиция пара алуу учурунда кармалышты. Бишкекте кайгуул кызматы ишке кирди

31 Тогуздун айы 2019 14:34 Бишкек Govori.TV

Бишкекте кайгуул кызматы ишке кирди

Бишкекте бүгүн, 31-октябрда Патрулдук милиция кызматы расмий түрдө ишке кирди. Биринчи баскычта аталган кызматка 600 киши сынак аркылуу тандалып алынды. Алар эми 56 машине менен коомдук тартипке жана жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт.
Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделди. Негизги жумушу — белгиленген аймакты күзөтүп, укук бузуулар катталган жерге көз ирмемде барып калышы керек. Ар бир экипаждын колунда планшет болот. Анда жеринде дароо автоунаа тууралуу жана уурдалган унаалардын маалыматтык базасы камтылгандыктан, жеринде эле дароо бүт маалыматты биле алышат.

Алгач бул долбоор 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республиканын башка аймактарында да иштеп баштары айтылган. Азыр Биринчи Май району, Свердлов районунун бир бөлүгү камтылган, жыл аягына чейин шаардын бүт аймагын Кайгуул милициясы көзөмөлдөй баштайт
Патрулдук милицияга иштегиси келгендер алгач тандап алуу боюнча тест тапшырып, экинчи баскычта окуп жана түшүнүү сынагынан өтүштү. Андан соң ден соолугу текешерилип, физикалык жактан даярдыгы каралды.
Бишкекте ушул эле күнү «Командалык борбор» да иштеп баштады. Анын алкагында шаарга адамдын жүзүн тааный турган 60 видеокамера орнотулду. Аталган борбордун максаты — кылмыш болгон жерге ыкчам чыгуу, коомдук коопсуздукту, жол коопсуздугун камсыздоо.

Бир жума аралыгында 1 миң 200 Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар катталды
Бир жума аралыгында 1 миң 200 Жол кыймылынын эрежелерин бузуулар катталды. Бул тууралуу Бишкек шаардык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
21-октябрдан 28-октябрга чейин аталган башкармалык «Тонировка» рейдин жүргүзгөн. Анда тескөөчүлөр унааларынын айнектерин караңгылатып айдаган айдоочуларды текшеришкен.
Рейддин жыйынтыгы боюнча, 1 миң 239 жол эрежесин бузуу катталды, алардын ичинен 158и мыйзамсыз терезесин караңгылатып алган. 587 унаа айып короосуна киргизилди.


Судья менен милиция капитаны пара алуу учурунда кармалышты

Кара-көл шаардык сотунун судьясы жана Кара-Көл шаарынын Ички Иштер Башкармалыгынын кызматкери пара алуу учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМК Корупцияга Каршы Курошу кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 1-октябрында КР ИИМ Ички иликтөө кызматына Кара-Көл шаарынын Ички Иштер Башкармалыгынын кызматкери Кара-көл шаардык соту Ы.П. менен биргеликте кылмыш ишинин оң өкүм чыгаруусу үчүн 100 000 сом пара талап кылып жаткандыгы тууралу жаран кайрылган. Сотко чейинки өндүрүштүн матералдары КР Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Кызматынын Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренисинин 2-бөлүмүнүн 2-п. (Опузалап пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
2019-жылдын 30-октябрында Кара-көл шаарында өткөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жүрүшүндө талап кылынган паранын бир бөлүгү 20 000 сом акча каражатын алууда Кара-көл шаардык соту Ы.П. жана Каракөл шаарынын Ички Иштер Башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын капитаны Б.М. кармалды.
Азыркы убакта КР УКМК Башкы тергөө башкармалыгы тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүп жатат.

Количество просмотров: 90