• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Соңку жаңылыктар: Талас уулу үй камагына алынды. Курманкуловдун дарылануусуна каражат топтолууда

3 Жетинин айы 2022 14:00 Бишкек Govori.TV

ЖУРНАЛИСТ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫКТЫ

Бүгүн, 3-ноябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда журналист, жарандык активист Семетей Талас уулунун баш коргоо чарасы каралды.

Соттун чечими менен Талас уулу тергөө мөөнөтү бүткөнгө чейин үй камагына алынды.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) журналист Семетей Талас уулунун кармалышына байланыштуу тараткан маалыматка ылайык, журналистке буга чейин Кылмыш-жаза кодексинин 322-беренесинин 1-бөлүгү (экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен кылмыш иши козголгон. Комплекстүү соттук-лингвистикалык экспертиза дайындалган. Анда социалдык тармактын колдонуучусунун билдирүүсүндө Кыргызстанда тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» экстремисттик уюмуна таандык маалымат камтылган» деген корутунду чыгарылган. Семетей Талас уулу Бишкек шаардык милициясынын тергөө абагына киргизилди, ишти иликтөө уланууда.

Журналист жыл башында УКМКга Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” деген беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында сурак берген.

КЕМПИРДИН СӨӨГҮ ТАБЫЛДЫ

Бишкекте батирден 84 жаштагы кемпирдин сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар 4-кичи районунда жайгашкан №48 үйдүн 26-батиринин бекилип калган эшигин ачышканда, батирдин ичинен 1938-жылы туулган В.А.П. аттуу аял кишинин сөөгү табылган.

Куткаруучулар сөөктү Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүп беришкен. 5 куткаруучу тартылган.

КУРМАНКУЛОВГО КӨМӨК ЭСЕБИ АЧЫЛДЫ

Чүй облустук милициясынын мурдагы жетекчиси Самат Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Курманкуловго Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалып, Москвадан да адистер чакырылган. Кийин аталган шаарга которулуп, дарылануусун уланткан. Бир аз убакыттан кийин Курманкулов өзүнө келип, абалы жакшыра баштаганы белгилүү болгон.

Бирок, азыркы күндө дагы толук калыбына келе албай жатат. Учурда ал дары сатып алууга муктаж. Дары дармектердин баасы кымбат болгондугуна байланыштуу коомдогу активдүү жарандар ага жардам көрсөтүүнү сунуштап, кайрымдуулук көрсөтүүнү каалагандарга анын картасына акча которсо болоорун билдиришти.

Количество просмотров: 156