• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Таласта 24 жаштагы жигит классташын бычактады. Бүгүн вирус 343 адамдан табылды

13 Тогуздун айы 2020 14:01 Бишкек Govori.TV

КОРОНАВИРУС: АКЫРКЫ АБАЛ

Республикалык штаб 13-октябрда Ош облусу жана Бишкек шаарынан бирден бейтап COVID-19ду жуктуруп каза болгонун кабарлады. Ушуну менен Кыргызстанда илдеттен 1 092 киши көз жумду. Бүгүн коронавирустун 343 жаңы учуру катталып, 190 бейтап сакайса, 12 медкызматкер таажы илдетин жуктуруп алды. Өлкөдө жалпы вирус жуктургандардын саны 49 миң 871ге жетти.

24 ЖАШТАГЫ ЖИГИТ КЛАССТАШЫН БЫЧАКТАДЫ

Таласта эки жигит өз ара чатакташа кетип, бири экинчисин дүкөндө сатыкта турган бычак менен сайып жиберген. Бычак жеген 23 жаштагы жигит ооруканада каза тапкан. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 12-октябрга караган түнү саат 03:00 чамасында соода борборлордун биринде болгон. Окуянын видеосу социалдык түйүндөргө жарыяланды.

ЖОЛ КЫРСЫГЫ 3 АДАМДЫН ӨМҮРҮН АЛДЫ

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгынан 3 адам каза болуп, 6 киши жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жол кырсыгы 12-октябрь күнү саат 13:48 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 310-чакырымында болгон. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, 6 адам жабыркаган.

Количество просмотров: 283