• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Соңку жаңылыктар: Таласта акимдин орун басары кылмыш үстүнөн кармалды. Чүй менен Ысык-Көлдө кошумча посттор иштемей болду

29 Теке 2021 14:00 Бишкек Govori.TV


КОРОНАВИРУС БОЮНЧА АКЫРКЫ АБАЛ

29-июлга карата Кыргызстанда коронавирустан 13 адам каза болду. Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2306 адамга жетти. Соңку суткада вирус дагы 930 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек менен Чүйдө. Өлкөдө бул оору жуккандардын жалпы саны 161 015ке жетти. Бир күндө 1450 адам айыгып чыкты. Азыр ооруканада 3746 адам жатат, дагы 12 164 бейтап үйдөн дарыланууда


ТАЛАСТА АКИМДИН ОРУН БАСАРЫ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

УКМКнын кызматкерлери Талас райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчисинин орун басарын 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармашты. УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, акимдин орун басары Кыргызстандын жаранынан бизнес ачууга уруксат берүүчү документтерди берүү үчүн 50 миң сом пара опузалаган. Бул факт тиешелүү далилдердин негизинде КЖБРга Жазык кодексинин 326-беренеси (Пара опузалоо) менен катталып, аталган кызматкерТалас ОИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды. Учурда бул кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.

ЧҮЙ МЕНЕН КӨЛДӨ КОШУМЧА ПОСТТОР ИШТЕЙТ

Чүй менен Ысык-Көл облустарында туристтик мезгилде жол кырсыктары көбөйүп жаткандыгына байланыштуу кошумча посттор коюлат. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жол кыймылынын эрежелерин аныктаган посттор Кемин, Балыкчы, Чолпон-Ата шаарларында жана Чок-Тал айылында коюлат. Посттордо жол тескөөчү кызматкерлер менен чогуу наркологдор жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү иш алып барат.

Количество просмотров: 157