• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: «Тамчыдагы» аялдама алынды. Чүйдө браконьер кармалды

22 Бугу 2023 14:04 Бишкек Govori.TV

БРАКОНЬЕРЛЕР КАРМАЛДЫ

Чүйдө браконьер кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, браконьер министрликтин Чүй облусу боюнча регионалдык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан күн мурун, 21-майда кармалган. «Кечки саат 21:00 чамасында Мунтокун коктусунан «Мерседес» үлгүсүндөгү унаа токтотулуп, кекиликтер аныкталган». Аталган факт боюнча протокол түзүлүп, 10 миң сом айып жана 6000 сом доо коюлду. Браконьерликке шектүү адам каршылык көрсөтпөстөн күнөөсүн мойнуна алып, келтирилген зыянды толугу менен төлөп берерин билдирди.

ТАЛКУУ ЖАРАТКАН АЯЛДАМА АЛЫНДЫ

«Тамчы» эл аралык аэропортунун маңдайына салынган аялдама алынды. Бул тууралуу сүрөт, видеолор социалдык тармактарга жарыяланды. Буга чейин Башкы прокуратура Тамчыдагы эки аялдаманын курулушу боюнча эки аткаминер кармалганын кабарлаган. Каражат Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн. Көзөмөл органдын маалыматына ылайык, Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы Ысык-Көл райондук өнүктүрүү фондунун директору менен кылмыштуу бүтүмгө барып, курулуш баштала электе эле жалданма компанияга 844,1 миң сом которгон. Анда курулуштун сапаты келишимге ылайык кабыл алынбаганы да аныкталган. Райондук прокуратура «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси менен кылмыш ишин козгоп, шектүүлөрдү камакка алган.

ЧЕК АРАДАН МЫЙЗАМСЫЗ ӨТКӨН ЖАРАН КАРМАЛДЫ

Баткенде чек арадан мыйзамсыз өтүп жүргөн 50 жаштагы Д.Ш. аттуу жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган жаран Кыргызстандын кайтарууда турган мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз бузуп өтүп, чет өлкөгө бир нече жолу мыйзамсыз кирип-чыккандыгы аныкталган. Учурда КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) негизинде кылмыш иши козголуп, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Количество просмотров: 76