• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: ЖЭБ штаттык режимде иштеп жатат. Улуу Британияда сезондук жумушка тандоонун 1-этабы өттү

9 Бирдин айы 2024 13:59 Бишкек Govori.TV

ЖЭБ ШТАТТЫК РЕЖИМДЕ ИШТЕП ЖАТАТ

Бүгүн, 9-февралга карата Бишкек ЖЭБи штаттык режимде иштеп жатат. Бул тууралуу ЖЭБдин башчысы Алпбек Садыров билдирди.

Анын айтымында, учурда ЖЭБдин жалпы активдүү кубаттуулугу 295 МВт түзүп, 9 отказан агрегаты жана 4 турбоагрегат иштеп жатат.
 «Бишкекжылуулуктармактары» ишканага өндүрүп берилген суунун температурасы 63 градуска чейин жетүүдө.

«ЖЭБдин кубаттуулугунун төмөндөшүнүн себеби аба ырайынын жылыгандыгына байланыштуу “Бишкекжылуулуктармактыры” канча көлөмдө жылуулук сураса, ЖЭБ ошончо кубаттуулукта иштейт», — деп кошумчалады ал.

ЖУМУШЧУЛАР ТАЛАП КЫЛЫНАТ

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы өз жамаатына жооптуу кызматкерлерди издейт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, ишканага кассир;  механик; айдоочу; күзөт кызматкери жана диспетчер адистигине 20 жаштан жогору жарандар талап кылынат.

Иш убактысы: 09:00дөн 17:00гө чейин.

УЛУУ БРИТАНИЯДАГЫ СЕЗОНДУК ЖУМУШКА ТАНДОО…

14,7 миң кыргызстандык Улуу Британияда сезондук жумушка тандоонун биринчи этабынан өттү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Эмгек министрлигине караштуу жарандарды чет өлкөлөрдө ишке орноштуруу борбору Британиянын айыл чарбасында сезондук ишке орноштуруунун программасына катышууну каалаган кыргызстандыктарды «Hops Labor Ltd» оператору аркылуу онлайн-каттоодон өткөрдү.

Жети сааттык каттоодо 26 миң 170 адам өз арыздарын беришкен, алардын ичинен 14 миң 735 адам оператор тарабынан биринчи тандоо этабынан ийгиликтүү өткөн.

Количество просмотров: 109