• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Соңку жаңылыктар: Ташиев “бандиттерге” кайрылды. Бишкектин бир катар аймактарында суу өчүрүлөт

20 Теке 2023 13:59 Бишкек Govori.TV

ТАШИЕВ УКТ ӨКҮЛДӨРҮНӨ КАЙРЫЛДЫ

Кыргызстанда уюшкан кылмуштуу топтор (УКТ) толугу менен жоюлат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин жарым жылдын жыйынтыгын чыгарган жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, өлкөдө УКТга каршы күрөш мындан ары да күчөтүлөт.

«Кыргызстанда эч кандай УКТ, бандиттер, рэкеттер, бизнеске кол салуу болбойт. Уюшкан кылмыштуу топтор толугу менен жоюлат. Кыргызстанда тынч жашай албаган УКТ жетекчилери өлкөдөн чыгып кеткиле. Эгерде Кыргызстандан чыкпаган УКТ жетекчиси болсо жазаланат. Эркиндикте жүрбөйт», — деп баса белгиледи ал.

МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ КАРМАЛДЫ

Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан КР ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте үстүбүздөгү жылдын 19-июнунда жума сайын берилип турчу 10-15 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам издөө бөлүмүнүн улук ыкчам кызматкери милициянын капитаны А.Ч.Т. кармалды.

Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо боюнча бардык зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Бул иш боюнча Бишкек ШИИБинин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы К.Б. УКМКга алып келинди. Шектүү УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

БИШКЕКТЕ СУУ ӨЧӨТ

25-июль саат 08:00дөн 26-июль саат 09:00го чейин Бишкек шаарынын бир катар аймактарында таза суу өчүрүлөт. Мэриядан кабарлашкандай, турак-жай имараттарына, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-тиричилик объектилерине жана өнөр жайга ичүүчү сууну берүү токтотулат.

Ахунбаев, 7-апрель, Горький, Белорусская — Шүкүров көчөлөрү. 7-апрель, Анкара, Октябрь көчөлөрү, Шоокум, Коңорчок, Көк-Жар, 7-апрель көчөлөрү.

Мындан тышкары, таза суу 11-кичирайондун суу өткөргүчүндөгү профилактикалык оңдоо иштерине байланыштуу өчүрүлөт. Буга байланыштуу “Көк-Жар”, “Улан-1”, “Улан-2” кичи райондорунда муздак суу убактылуу токтотулат.

Количество просмотров: 101