• Шейшемби 16 Кулжа 2026
  • Вторник 16 Июнь 2026

Эртең Бишкектин айрым жерлеринде суу өчөт

16 Кулжа 202610:53 Бишкек Govori.TV

Мэриядан билдиришкендей, 17-июнь саат 09:00дөн 18-июнь саат 06:00гө чейин төмөнкү аймактарда суу өчүрүлөт:

Темир жол линиясынан – Раззаков көчөсү – Бөкөнбаев көчөсү – Панфилов көчөсү – Фрунзе көчөсү – Гоголь көчөсү – Жумабек көчөсү – Сүйүмбаев көчөсү – Осмонкулов көчөсү – Аламүдүн суусуна чейинки аймак.
Көк-Жар суу топтомосунан – М. Горький көчөсүнөн төмөн жагы – Л. Толстой көчөсүнө чейин – Матросов көчөсүнүн батыш тарабы – 7-Апрель көчөсүнүн чыгыш тарабы.
М. Горький көчөсүнөн – 7-Апрель көчөсү – Улан-2 кичи району – Аламүдүн суусу – Суванбердиев көчөсү – Шүкүров көчөсү – Скрябин көчөсү – Бектенов көчөсүнө чейинки аймак.

Суу Көк-Жар суу топтомосунда оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

Количество просмотров: 50